Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети 2022-2023 окуу жылына төмөнкү адистиктер боюнча абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт:

Музыка факультети:

  • Хор коллективинин менеджери, педагог: Музыкага шыктуулугун жана ырдоо жөндөмүн текшерүү, коллоквиум;
  • Эл аспаптар оркестринин менеджери, педагог: Музыкалык аспаптарда ойноо, музыкалык жөндөмүн текшерүү, коллоквиум;
  • Фольклордук-этнографиялык ансамблдин менеджери, педагог: кыргыз элдик аспаптарда ойноо, ырдоо, эпос, дастан жана айтыштардан үзүндү аткаруу ж.б.;
  • Эстрадалык ансамблдин менеджери, педагог: Музыкага шыктуулугун, жөндөмүн текшерүү жана музыкалык аспапта ойноо;
  • Эстрада ырчысы: Музыкага шыктуулугун жана ырдоо жөндөмүн текшерүү (эки-үч ырды аткаруу);
  • Музыка мугалими: Музыкага шыктуулугун жана ырдоо жөндөмүн текшерүү.

Атайын орто музыкалык билими бар  хор коллективинин менеджери, эл аспаптар оркестринин менеджери, музыка мугалими, эстрадалык  ансамблдин менеджери жана эстрада ырчысы бөлүмүнө кирүүчүлөр, дирижёрлук кылуу, музыка теориясы жана сольфеджио боюнча экзамендерди тапшырышат.

Театр факультети

  • Драма, кино жана куурчак театрынын актеру: үнүн жана сүйлөө чеберчилигин текшерүү, адабий чыгармалардан үзүндү окуу, музыкалык-ритмикалык шыктуулугун текшерүү;
  • Драма жана кино режиссеру: практикалык режиссура, пьесага талдоо жүргүзүү, актерлук жөндөмдүүлүгүн текшерүү;
  • Театр таануучу, педагог;

Кино жана Телевидение факультети:

  • Телевидение жана радио режиссеру: сценарий жазуу, актерлук жөндөмдүүлүгүн текшерүү; физика боюнча аӊгемелешүү;
  • Кино жана телевидение оператору: фото-сүрөттөр боюнча конкурс; фоторепортаж, физика жана химия боюнча аӊгемелешүү.
  • Кино жана телевидениенин үн режиссеру: адистиги боюнча коллоквиум, музыкалык жөндөмдүүлүгүн текшерүү; физика боюнча аӊгемелешүү;
  • Кино таануучу, педагог;
  • Адабий чыгармачылык (киносценарист), педагог;

Социалдык-маданий ишмердиги факультети:

  • Социалдык-маданий ишмердигинин менеджери, педагог: социалдык-маданий ишти уюштуруу (жазуу түрүндө), адистиги боюнча коллоквиум (оозеки);
  • Бий коллективинин менеджери, педагог: аткаруучулук чеберчилик (классикалык, элдик-сахналык, тарыхый-турмуш бийлери), коллоквиум.

Сырттан окуу, квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо факультети

  • Атайын орто же жогорку билими бар талапкерлер кабыл алынат.

Баардык абитуриенттер адистиги боюнча экзамендерден тышкары кыргыз же орус тилинен жат жазуу жазышат. Университетке тапшыруучу абитуриенттерден жалпы республикалык тесттин сертификаты талап кылынбайт.

Абитуриенттер мамлекеттик бюджеттин жана контракттын негизинде кабыл алынат. Тыштан келген студенттер жатакана менен камсызданат.

Талап кылынуучу документтер:

  1. Орто же атайын орто билими жөнүндө аттестат же диплом (түп нускасы);
  2. 3 х 4 өлчөмүндөгү 8 сүрөт;
  3. Паспорт, аскердик китепче  же каттоо  күбөлүгүн  көрсөтөт;
  4. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы барлар үчүн);
  5. Медициналык справка (0-86У формасы).

Дареги: Бишкек ш., Жантөшев көчөсү 113 (Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн кесилишинде)

Тел: + (996) 312-57-92-70 WhatsApp: + (996) 0705-44-02-06; + (996) 0709-98-61-59

Instagram: kguki_kg