“Евразизм идеялары: келечекке көз караш” аттуу университеттер аралык форуму.

Жакында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Беларусь Республикасынын Элчиликтеринин жана «Евразия Муун» коомдук фондунун көмөктөрү уюштурулган Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин башкы корпусунда Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультети тарабынан «Евразизм  идеялары, келечеке көз караш» аттуу университеттер аралык форум-дебат болуп өттү. Бул иш-чарага Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын 13 командасы катышышты. Аталган иш-чарага биздин Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети чыгармачыл окуу жай болгондуктан, окуу жайыбыздын музыка факультетинин оркестр дирижерлук кафедрасынын, театр факультетинин актердук чеберчилик кафедрасынын, социалдык-маданий ишмердиги факультетинин хореография кафедраларынын студенттери да катышып, чакан  концерттик программа тартуулап келишти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: