Кайрымдуу бол, башкаларга кол сунганды унутпа!

Кайрымдуулук —  эч кимден эч нерсе күтпөстөн, башкалардын пайдасына жан аябастык менен мамиле кылган адамдардын мамилеси. Демек, аны, марттык же тилектештиктин синоними деп түшүнсө болот. Бул жагынан алганда, кайрымдуулук жардамга муктаж болгондорго ар кандай тилектештик акциялары үчүн колдонулат. Ошондой кайрымдуулуктун бири катары, 2022 жылдын 18-апрелинде Б.Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин “Социалдык-маданий ишмердиги” кафедрасынын  2,3,4-курсунун студенттери, кафедранын окутуучусу Асангазиева Мээрим Белековнанын жетекчилиги астында  «Айданек» жашы жете элек балдардын  реинтеграция борборуна барып кайрымдуулук иш-чарасын өткөрүп келишти. Бул иш-чарада студенттер балдарга ар кандай оюз-зоок программаларын уюштурушуп, алар менен ойноп, ыр-бийлерин тартуулашты. Андан сырткары,кийим-кечелерин жана белектерин тапшырып келишти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: