Салттуу музыка маданияты!

Кыргызстанда музыкалык искусствонун салттуу формалары,  фольклордук жана оозеки профессионалдык салттары өнүгүүсүн улантып, жыл сайын салттуу музыка боюнча  ар  кандай            чыгармачылык фестивалдарга шыктуу жаштарды, элдик музыканттарды чогултуп, күндөн-күнгө, жылдан жылга ар кыл доорлорду, муундарды бириктирип, өткөндү, азыркыны жана келечекти байланыштырып салттуу музыка жана ырлар  жаңырып келет. Ошондой Салттуу музыка Жумалыгы жана IX Эл аралык  Музыка жана Бий конгресси үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинен 23-апрелине чейин, Кыргыз республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Эл аралык музыка жан бий конгресси, “Кыргыздын салттуу музыка фонду” менен биргеликте уюштурулуп А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада болуп өттү. Бул Жумалык Б.Бейшеналиева атындагы КММИУнун Салттык музыка жана фольклор кафедрасынын ансамблинин  коштоосунда башталып, башка чет мамлекеттерден  келген салтуу музыка өнөрүн алып жүрүүчүлөрдүн мастер класстары көргөзүлүп, андан кийин салттуу музыка өнөрүн алып жүрүүчүлөрдүн  тегерек столу өттү. Анда университетибиздин ректору, профессор М.М.Чотонов сөз сүйлөп,  тегерек столдо кызыктуу талкуу жүрдү, Ал эми кечинде болсо  Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда музыкалык  окуу жайлардын бирдиктүү концерти жогорку денгээлде өткөрүлүп, концертте биздин окуу жайдын Музыка факультетинин деканы КР эмгек сиңирген артисти  С.Б.Көчөрбаев жетектеген Салттуу музыка жана фольклор кафедрасынын 1-5 курска чейинки студенттери катышып  концерттин көркүн ачышты. Ошондой эле биздин университетибиздин атынан барган мугалимдер жамаатынын өкүлдөрүнө баалуу белектер жана сертификаттар ыйгарылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: