Сарман Асанбековду эскерүү.

Жакында Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде өзгөчө кызыктуу кече болуп өттү. Бул кеченин максаты, Кыргыз искусствосуна опол тоодой эмгек жасаган улуу инсан, профессор, театр сынчысы, драматург, сүрөтчү, акын, котормочу,  Сарман Асанбековду эскерип, агайдын жасап кеткен эмгектерин унутпай, кадыр баркын көтөрүү менен кийинки жаш муундарга агай жөнүндө маалымат берүү эле. Бул иш-чарага  маданияттын аттуу-баштуу өкүлдөрү, агайдын замандаштары, кесиптештери,  билим алган  студенттери келип, агай тууралуу кызыктуу окуяларды эске салышты. Иш-чара окуу жайдын ректору, профессор Мамашарип Мамытович Чотонов жана Сарман Асанбековдун кызы Гүлмира Сармановнанын демилгеси  менен  уюштурулуп, агайдын атынан  «Сарман Асанбеков» атындагы  класс ачылып, анда окуу жайдын ректору М.М.Чотонов  сөз сүйлөп ачып берди. Андан кийин, КР эл акыны  М.Мамазаирова, жана ошондой эле окуу жайдын илимий иштери жана эл аралык байланыштар боюнча проректору З.А.Жолдошбекова баштаган улуу инсандар   жана келген коноктор соз сүйлөшүп, ак тилектерин айтып  кетишти. Андан соң иш-чаранын экинчи бөлүгү 212-жыйындар залында улантылып,  Сарман Асанбеков агайыбыз түгөнбөгөн кенч, бүтпөгөн дастан сыяктуу, сүйлөбөгөн адамды сүйлөткөн касиетке ээ экени иш-чаранын жүрүшүндө тастыкталып, таланттын улуулугу себеп болуп, төмөнкү ыр саптары жаралды:

Талант назик,Талант жумшак үлбүрөк

Талантууга таң калыштуу күн күлөт.

Бул дүйнөгө таланттуулар келбесе,

Кандай жашоо болмоктугун ким билет.

Ч.Айтматов атабыздын «Сени тааныгандар жашап жатканда сен тирүүсүң» деген жакшы сөзү бар. Чынында Сарман агайды тааныгандар  жашап жатканда агай  өлбөйт жана аты биз менен чогу жашай берет. Иш-чарага КР Эл акыны М.Мамазаирова, КР эл артистери: Т.Бообекова, К.Сейдалиева, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, М.Рыскулов атындагы сыйлыктын ээси А.Жапаров, Оркестр дирижерлук кафедрасынын кафедра башчысы Ч.М.Турумбаева, КР эмгек сиңирген артисти Т.Абдымомунов атындагы КУАДТнын башкы режиссёру, Н.Мендибаиров, Коомдук ишмер А.Акылбекова,Т.Абдымомунов атындагы КУАДТнын актрисасы М.Касаболотова, көз карандысыз журналист З.Казакбаев, КР эмгек сиңирген артисти, С.Көчөрбаев, Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын алдындагы А.Үсөнбаев атындагы «Эл шайырлар» тобунун көркөм жетекчиси М.Кулуев, жеке режиссер Н.Юлдашев, театр факультетинин кафедра  башчысы Ж.Искендерова, агайдын жубайы Ольга Дүйшекеева жана  жакындары катышышып, эң жогорку денгээлде өткөрүлдү. Модераторлор: Театр факультетинин мугалимдери К.Т.Макеева жана Курманбек Ниязбеков болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: