УНИВЕРСИТЕТТЕР АРАЛЫК ЧЫГАРМАЧЫЛЫК БАЙЛАНЫШ

Токмок шаарында жайгашкан Борбордук Азия Эл аралык университетинин чакыруусу менен чыгармачылык потенциалдарды жана профессионалдык жактан өзүн-өзү өркүндөтүү максатында , Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин музыка факультетинин хор дирижёру кафедрасынын ага окутуучусу Бадина Яна Ильинична, аталган университеттин театралдык-вокалдык студиясынын студенттери үчүн атайын мастер-класс өткөрүп келди. Аны менен биргеликте 2-курстун студенттери Сунинбеков Бойомон, Казыбек уулу Кайрат жана 4-курстун студенти Кылычбекова Зариналар барышып Шуберттин, Капуанын жана башкалардын классикалык чыгармаларын аткарышты. Ал эми Бадина Яна Ильинична БАЭУнун театралдык-вокалдык студиясынын студенттерин угуп көрүп, алар менен иштешип, кеп-кеңештери менен бөлүштү. Ошондой эле театралдык-вокалдык студиянын жетекчиси Караева Жанна Иссабековнанын коштоосунда жылуу, достук маанайда университеттин ичине экскурсия жасашып кайтышты. Жыйынтыгында университеттер арасында мындан аркы кызматташуу үчүн чыгармачылык байланыштар түзүлдү.
Добавить комментарий