Эл аралык байланыштагы маданий иш-чаралар!

2021-жылдын 11-апрелинде Россия Федерациясы менен Кыргызстандын ортосундагы эриш-аркак эл аралык жыл  кызматташтыгын бекемдөө жылы улантылгандыгына байланыштуу, Россия Федерациясынын Красноярск  шаарынын Д.Хворостовский атындагы Сибирь мамлекеттик маданият институтунун хор дирижерлугу кафедрасынын фольклор жана элдик ырлар боюнча педагогдору Трофимов Александр Владимирович  жана Будилин Владимир Вадимович маданий иш-чарага катышуу үчүн Бишкек шаарына учуп келишти.  

12-апрелде Россия федерациясынан келишкен коноктор менен Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин окутуучулук-профессордук жамааты жана студенттеринин ортосунда чыгармачылык жолугушуу болуп өттү. Мында, Сибирь аймагынын элдик ырлары,частушкалары жогорку дэңгээлде аткарылып, ар бир аткарылган ырдын баяндамасы кызыктырбай койгон жок. Жолугушуудан кийин «Оркестр дирижерлугу» жана «Салттык   музыка жана фольклор» кафедралары менен биргеликте репетиция жасашты.

13-апрелде Т.Сатылганов атындагы Кыргыз  Улуттук филармониянын кичи залында биргелешкен концерт болуп өттү. Концертте орус, кыргыз чыгармалары кызыктуу аткарылып, дүркүрөгөн кол чабуулар  менен коштолду.

Жогоруда белгиленген эки кафедранын башчылары Чолпон Мукашевна Турумбаева жана Самат Көчөрбаев, кафедранын окутуучулары, студенттери жана Красноярскиден келген коноктор менен чогуу даярдалган бул концерттик программа кызыктуу жана жогорку адистик чыгармачылык дэңгээлде өттү. Концерттин аягында,Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин орун басары Салтанат Абдылдаевна Аманова соз сүйлөп, Красноярскиден келген конокторго министрликтин Ардак  грамоталарын тапшырды.

Ошондой эле концертке Россия Федерациясынын элчилигинен, Россотрудничестводон, маданият жана искусство мекемелеринен, окуу жайлардын кызматкерлери  келишип, кызыктуу концертке күбө болуп кайтышты.

Андан кийин,19-апрель  2021-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият  жана искусство университетинин илимий иштер жана эл аралык байланыштар боюнча проректору Зарылкан Апиевна Жолдошбекованын жетекчилиги астында  аталган окуу жайдын хор дирижерлугу кафедрасы, Россия Федерациясынын Барнаул шаарында жайгашкан Алтай мамлекеттик искусство институтунун хор дирижерлугу кафедрасы менен биргеликте он-лайн тегерек стол  маданий иш-чарасы уюштурулду.

         Бул маданий иш-чара эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтык келишимдин негизинде өткөрүлүп жатат.Мындан тышкары, биздин студенттерге  асиссентура-стажировка жана бюджеттик орунга барып билим алып келүүгө да мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Эл аралык байланыштар боюнча аткарылып жаткан иштердин ийгилигине, проректор Зарылкан Апиевна Жолдошбекованын салымы зор.

          Бул иш-чарага хор дирижерлугу кафедрасында 40 жылдан бери эмгектенип келе жаткан хорду дирижирлөө боюнча педагог К.Н.Нурматов, ошондой эле кафедранын башчысынын милдетин аткаруучу Я.Бадина, кафедранын доценттери Л.П.Бруг, Н.И.Хохлова жана кафедранын 1-5 курстарынын студенттери катышышты.Бул иш-чараны  Л.П.Бруг«Хоровая педагогика и хоровое образование в Кыргызстане» ,Н.И. Хохлова «Жанры хоровой музыки в творчестве кыргызских композиторов» аттуу докладдары  менен ачышты.

         Мындан тышкары кафедранын студенттеринин хорунун аткаруусунда, кыргыз-орус композиторлорунун ырлары, хор менен ырдоодон тышкары, дуэт, трио, квартет менен ар кандай жанрдагы чыгармалар аткарылды.

Алтай институтунан эл аралык байланыштар боюнча проректор, факультеттин деканы, кафедранын педагогдук-профессордук жамааты жана студенттери катышышты.

          Ошентип, эки окуу жайдын ортосунда биргелешип өткөн тегерек стол кызыктуу маанайда, көңүлдүү, дүркүрөгөн кол чабуулардын астында ийгиликтүү өттү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: