КАДАМЫҢ БАЙСАЛДУУ БОЛСУН!

2018-жылдын 27-ноябрында Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетиндеги «Музыка» факультетинин деканы Гүлмира ЖАКИЕВА, «Оркестр дирижерлугу» кафедрасынын улук окутуучусу  Созул КАЗИЕВАнын уюштуруусу жана «Режиссура жана актердук чеберчилик» кафедрасынын студенти Байыш НУРСАИДОВдун режиссерлугу астында, Адил КАЗЫБЕКОВ, Созул КАЗИЕВАнын алып баруусунда салтка айланган 1-курстарды куттуктоо концерти болду. Аталган концерттин коногу белгилүү кыл кыякчы Залина КАСЫМОВА кыл кыякта күү ойноп, окуу жайдын 2-5-курсунун студенттери да өз өнөрлөрүн тартуулашып, жаңы келген студенттерге калоо-тилектерин арнап өтүштү. Концерттин соңунда ректор Мамашарип ЧОТОНОВ окуу жайдын жетишкендиктери, ийгиликтери тууралуу азыноолак токтолуп, студенттерге ийгилик каалап, символ катары ачкычты жана сынак китепчесин тапшырды. Ошондой эле айрым окутуучулар Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланышты.

 Сүрөттөрдү тарткан: Азамат МАТСАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: