12-ДЕКАБРЬ УЛУТТУК АДАБИЯТ КҮНҮ

Кыргыз Республикасынын Президентинин  «Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө»  жарлыгынын алкагында, каада-салттарды,  салттуу болгон үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарды, сергек жашоону өздөштүрүү, кыргыз элинин бай маданиятын чагылдыруу максатында Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искуство университетинин театр факультети, заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө жана  улуттук адабият күнүнүн урматына «Адабият жана Айтматов» аталышында көркөм окуу боюнча    ушул факультеттин курстар аралык конкурсун өткөрдү.

         Бул иш-чараны окуу жайдын ректору, профессор Мамашарип Мамытович Чотонов келген конокторго  терең  ыраазычылыгын билдирип сөз сүйлөп, конкурсту ачып берди.

         Ал эми  конкурста калыстар тобунун төрагасы КР эл жазуучусу, драматург, сынчы, кино режиссер Жаныш Осмонович Кулманбетов жана калыстар тобунун мүчөлөрү: окуу жайыбыздын илимий иштер боюнча проректору Зарылкан Апиевна Жолдошбекова,  жазуучулар союзунун жана «Рух-бейне» академиясынын мүчөсү Тоту Арзыкуловалар калыстык кылып баа беришти.

         Студенттер Ч.Айтматовдун чыгармаларынан монологдорду, кара сөз жана жазуучуга арналган автордук ырларды көркөм окушту.

 Иш-чараны уюштургандар:  тарбия жана чыгармачылык иштер боюнча проректор К.Т.Макеева, театр факультетинин деканы С.К.Интина жана ушул эле факультеттин кафедра башчысы Жылдыз Искендеровалар болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: