2018-2019-окуу жылын жыйынтыктоо

2018-2019-окуу жылынын жыйынтыктоочу отчетунун алкагында 19-Май күнү, «Музыка» факультетинин жетекчиси Жакиева Гүлмира Бексултановнанын уюштуруусу менен окуу жайдын тарбиялык жана чыгармачылык иштер боюнча проректору Турганбаева Эльмира Исаковнанын колдоосу менен өтүп келген факультеттин салтка айланган иш чарасы болуп өттү.

Тактап айтсак факултеттеги окуусу менен чыгармачылыгындагы жетишкендиктер жана ошондой эле үлгүлүү жүрүм-туруму менен айырмаланган алдыңкы студенттерди сыйлоо аземи болуп өттү. 2014-жылы КРнын президентинин буйругу менен бекитилген «Энелер күнүнө карата» уюшулуп келе жаткан иш чарада, факултеттеги эң тарбиялуу, жакшы окуган студенттердин апаларына окуу жайдын ректорунун колу коюлган ыраазычылык каттары тапшырылып турат. Бул жылы жылдагыдан өзгөчөлүгү факултеттин көпчүлүк студенттери мамлекеттик, окуу жайлар арасындагы жана эл аралык фестивалдар өңдүү маданий иш чараларга өзгөчө жигердүүлук менен катышкандыгы баарыбызды кубандырды. Жогорудагы ар кандай иш-чараларды уюштурган мекемелердин жетекчилиги тарабынан атайын келген коноктор да биздин студенттерди дипломдор жана ыраазычылык каттар менен сыйлашып, окуу жайдын жетекчилигине өзгөчө ыраазычылыктарын билдиришти.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: