21-февраль Эл Аралык эне тил күнү

Б.Бейшеналиева атындагы КММИУнун тарбия, чыгармачылык жана кыргыз-тили боюнча проректору Э.Турганбаеванын уюштуруусу менен 21-февраль Эл Аралык эне тил күнүнө карата «Улуу тилди урматтайлы» аттуу иш-чара 22-февраль күнү болуп өттү. Иш-чарада Э.Турганбаева доклад окуп, бүгүнкү күндөгү тилдин ал-абалына токтолуп, келечек муунду эне тилин сактоого, өнүктүрүүгө жана баалоого чакырып кетти.

Андан сырткары таланттуу студенттер арасында эл аралык эне тилдин канчалык деңгээлде коомго тийгизген таасири, тилди сыйлоо, урматтоо, аны аздектеп сактап даңазалоо, адамдардын калыптанышындагы эне тилдин азыркы мезгилдеги орду жана мааниси жөнүндө бетме-бет ачык-айкын талкуу болду. Кечеде тилге арналган көркөм окуулар, обондуу ырлар, поэзиялар айтылып, ар бир студент кандай улут болбосун тилге болгон патриоттуулук сезимдерин билдиришти.

Кечедеги жолугушуу баарына жагымдуу сезимдерди тартуулап, «Театр жана кино» факультетинин ага окутуучусу, Д.Күйүкова атындагы жана К.Жантөшев атындагы Мамлекеттик эл аралык сыйлыктардын ээси Макеева Кундуз Турдубековнанын жетекчилиги менен 1-курстун студенттеринин, тил жөнүндөгү көркөм окуусун катышуучулар кунт кою менен угуп отурушту. Андан сырткары «Театр жана кино» факультетинин 3-курсунун студенттери Сүйүнаалы кызы Нуркыз, Жумабекова Назик,Токтобаев Казыбек, Нарынбекова Илимгүл, ал эми «Оркестр дирижёрлугу» кафедрасынын 3-курсунун студенти Бактыбек к. Жаңылмырзалардын көркөм окууларын катышуучулар кол чабуу менен кабыл алышты.

Иш-чаранын аягында ага окутуучу К.Макеева кеченин жалпы катышуучуларына куттуктоо сөзүн сүйлөп, окуу жайдын тарбия, чыгармачылык жана кыргыз тили боюнча проректору Э.Турганбаева мактоо баракчаларын тапшырып иш-чараны жыйынтыктады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: