3-март Мамлекеттик Туу күнү!

Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик маданият жана искусство университетинде 3-март Туу күнүнө арналган иш-чара болду. Алгач окуу жайдын ректору профессор Чотонов Мамашарип Мамытович студенттерди бүгүнкү Мамлекеттик Туу күнү менен куттуктап, 1992-жылы 3-март айында Туу күнү болуп белгиленгенин, эгемен мамлекеттин өз алдынчалыгын далилдеген негизги белгилер: мамлекеттик Туу, Герб жана Гимн экенин баса белгиледи.

         Андан сырткары Кыргыз элинде Мамлекеттин символу байыртадан бар экенин анын терең маанисин жана желектин бир түстүү кызылдыгы эрдик, тайманбастыктын символу, жаркыраган алтын күн бейкуттукту жана биримдикти чагылдыраарын, ал эми түндүк-үй кутунун символу, аалам катары дүйнөнү алда канча кеңири түшүнүүдө бир айлампага бириктирилген кырк нур байыркы кырк уруунун бирдиктүү Кыргызстанга бириккендигин айгинелелейт. Түндүк өлкө калкынын биримдигинин символу, желектин кызыл түсү айкөл Манас атабыздын туусунун түсү экени жөнүндө токтолуп өттү. Андан кийин Мамлекетин гимни жаңырып жалпы иш-чаранын катышуучулары менен биргеликте коштолду. Андыктан эркиндик,тынчтык,бакубат жашообуз уланып, элибиз өнүккөн өлкө болсун, жаштарыбыз мамлекетке зор салымын кошкон инсандардан болсун деген изги тилек менен иш-чараны жыйынтыктады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: