5-март Ак калпак күнү!

unnamed-1.

Асмандан жарык көрсөн жылдыз деп бил,
Ак калпак кийгендерди кыргыз деп бил!

Ак калпак байыртадан эле кыргыз эркектеринин улуттук баш кийими. Ата-бабаларыбыздын мурасы катары саналып, өзүнө терең философияны камтыйт. Формасы, оймо-чиймелери өзгөрбөстөн, муундан-муунга өтүп келген. Калпак аркылуу кыргыздар адамдын жашын, коомдогу абалын билишкен. Бүгүнкү күнү дагы бул байыркы улуттук баш кийим өлкөбүздө кеңири колдонулат. Калпакты ардактуу, кадырлуу адамдарга белекке беришип, майрамдарда, жумушка, кыскасы, кадимки турмуш тиричиликке кийишет.
Ак калпагыбыз тоолордун жана тазалыктын символу. Анын формасы, Кыргызстандын ак кар, көк муз баскан тоо чокуларын элестетет.Кыргыздын Манас эпосунда дагы кыргыздардын башынан ак калпак түшпөгөн эл деп айтылат. Калпакка болгон мамиле кыргыздарда өзгөчө десек болот. Аны таза кармап ыргытып же тегеретишпейт,эки колдоп кана чечүү керек. Илгери кыргыздар калпакты жерге койбой, бийигирээк жерге коюшкан.
Уюткулуу улуу элди башка элдер Ак калпагыбыз менен тааныйт эмеспи, ошондуктан Ак калпагыбыз бийик болуп, башыбыздан түшпөсүн.
Ак калпагыбызды аздектеп ыйык тутуп келечек муунга аздектеп өткөрүп берели! Майрамыныздар менен куттуктайбыз!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: