РЕКТОР, ПРОФЕССОР МАМАШАРИП МАМЫТОВИЧ ЧОТОНОВДУН 8-МАРТ – АЯЛДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮНӨ КАРАТА КУТТУКТООСУ

АРДАКТУУ ОКУУ ЖАЙДЫН АСЫЛЗААДА ЭЖЕЙЛЕРИ!

Жаз башталганда жаркырап кошо кирип келген Аялзатынын эл аралык майрамы менен жалпы окуу жайдагы агайлардын жана өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм!

Адатта аялзатын ар кандай сөздөр менен мактап-даңктап келебиз. Акындар даңктап ырга салды; сүрөтчүлөр келбетиңерди, чексиз мээримиңерди полотного түшүрдү; композиторлор эчен сыйкыр музыка жаратты; айтор эркектердин эч бүтпөс темасы темасы силерсиңер, урматтуу аялзаты! Анткени Кудай Таала адамды жаратканда ага шерик-түгөй кылып, силерди да кошо жараткан. Ошол күндөн ушул күн бизге арка-жөлөк, кубат-медет болуп, биз менен турмуштун бардык кырдаалында эриш-аркак жашап келесиздер.

Эне, эже, карындаш, жеңе, жар, кыз, келин! Ар бириңер биздин жашообуз үчүн зор мааниге эгедерсиздер!

Албетте, аялзатын мактай берсе, сөз түгөнбөйт. А мен бүгүн биздин окуу жайдын түркүгү болгон ардактуу кесиптештерим тууралуу сөз кылгым келди.

Университет түптөлгөндөн бери эчендеген эжейлер агайлардан кем калышпаган жигер менен эмгектенип, окуу жайыбыздын атак-аброй алышына зор салымдарын кошушту. Ал тургай аял ректор – Кайыргүл Сартбаевнанын тушунда көптөгөн жакшы иштер жасалганын чогуу иштешип калгандар айтып келишет.

Бүгүн да мына ошол саамалык уланып, окуу жай үчүн бар эмгегиңиздерди арнап келесиздер, ардактуу аял кесиптештер! Албетте, сиздердин түйшүк оор экенин сезебиз: бир жагынан үй тирилик, бир жагынан иш, экөөнү бирдей алып кетүүгө эчендеген күч керек. Түйшүктөргө түтүп, сыноолорго сынбай, агайлар менен кошо жарыша иштеп, окуу жайга ак кызматыңарды арнап келатканыңар эле канчалаган мактоого татыйт.Биздин жамааттагы жакшы иштердин көпчүлүгү сиздерге таандык экенин баса белгилеп айта кетпесек болбос. Талыкпаган дем-күч менен, кайрат менен өз ордуңуздардын канчалык бийик экенин жамаатка, студенттер арасына татыктуу далилдеп келе жатасыздар. Андыктан ар бириңиздерге түмөндөгөн алкыш-мактоо айтсак жарашат.

Бар болуңуздар, ардактуу эжейлер! Эмгегиңиздердин акыбети эселеп кайтып, чексиз сыйдын үстүндө жүрүңүздөр! Биз сиздерге терең таазим кылып, ишиңиздерге, жашооңуздарга бактылуулук тилейбиз! Жүзүңүздөрдөн күлкү, жүрөгүңүздөрдөн сүйүү өчпөсүн!  

МАЙРАМЫҢЫЗДАР МЕНЕН! 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: