9-декабрь Бүткүл дүйнөлүк коррупция менен күрөшүү күнү

2021-жылдагы Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү ар бир адамдын, анын ичинде мамлекеттердин, мамлекеттик кызматкерлердин, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, жеке сектордун, жарандык коомдун, илимий чөйрөнүн, коомчулуктун жана жаштардын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча укуктарын жана милдеттерин белгилөөгө багытталган. Ар бир адам коррупцияга каршы күчтүү аракеттердин жемишин алууга укуктуу болуусу керек.  Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде да  талкуу болуп өттү. Бул талкууга  университеттин тарбия жана чыгармачылык иштери боюнча проректору К.Т.Макеева, факультеттердин декандары жана кафедра башчылары, студенттер жана КР Ички Иштер Министрлигинин басма сөз кызматынын башкы инспектору, милициянын улук лейтенанты Мусаев Адилет Мусаевич жана ИИМдин кенже инспектору, милициянын сержанты Улан Сейталиевдер катышып: «Коррупциянын алдын алуу өзүбүздөн башталат»,  «Коррупцияга жол жок» аттуу темаларда  маек курушуп, абдан сонун талкуу жүргүзүштү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: