9-Май Жениш күнү.

1945-жылдын 9-майы…Бул дата бизден уламдан-улам алыстап баратат. Убакыт өтүп, муундар алмашат, бирок 9-май – Жеңиш күнү кайгылуу болсо да, өлкөбүздүн эң негизги майрамдарынын бири катары, таасирдүү жана жаркын бойдон калууда. Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин студенттери да 9-майга карата Октябрь райондук  акимиаты тарабынан уюштурулган иш-чарага катышып,  согуштун ардагерлерине жана тыл эмгекчилерине майрамдык маанай тартуулап келишти.Ардагерлерге акчалай сыйлыктар, белектер тапшырылып, студенттер майрамдык ыр-белек тартуулашып ыраазычылык алып келишти.

Урматтуу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана тыл эмгекчилери! Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгы менен чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорубузду кабыл алыңыздар! Бул майрам жер жүзүндөгү  тынчтыкты коргогон элдин теңдеши жок эрдигинин символу катары биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын арасында биздин жердештерибиз арбын экендигине сыймыктанабыз.Сиздерге чың ден соолук, тынчтык жана бакубатчылык каалайбыз! Жеңиш күнүңүздөр менен!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: