Ректор, профессор Мамашарип Мамытович Чотоновдун Улуттук адабият күнүнө карата куттуктоосу

Урматтуу окуу жайдын жалпы жамааты!

Ардактуу адабият ишмерлери!

Бүгүн алп жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Муну менен катар ушул символикалык датанын негизинде кабыл алынган Улуттук адабият күнү.

Адабиятыбыздын аброюн Айтматовсуз элестетүү кыйын. Өзүнүн нар көтөргүс асыл чыгармалары менен адамзат баалуулугун таанытып, көркөм мурастары аркылуу ар бир муунга асыл нуска таштап кеткен кеменгер жазуучубуздун аты кыргыз эли жашап турганда эч качан өчпөсүнө, жазып калтырган эмгектери улам муун алмашкан сайын кайталап жаңырып турарына терең ишенем. Мейли, кинодо болобу, мейли театрда болобу, мейли сүрөтчүлүктө болобу, мейли музыка жаатында болобу, мейли элдик өнөрдө болобу, айтор Айтматовго, Айтматовдун чыгармаларына кайрылбаган өнөрпоздор саналуу гана. Дегеле Айтматов адабият жаатына эле эмес, искусствонун бардык тармагына да улуу бурулуш жасап берген инсан катары кылымдар жүрөктөн өчпөйт. Демек, бул күн жеке адабиятчылардын эле эмес, биздин, маданият, искусство жаатында эмгектенген бардык адамдын майрамы десек аша чапкандык болбос. Кала берсе эл аралык мамиле, дипломатияда да Айтматовдун орду өтө жогору бааланат. Терең сүңгүбөй эле чет элдиктердин бизди «Айтматовдун эли» деп тааный турганын мисал тартсак бардык далилге жетиштүү.

Дал ушул улуу инсандын туулган күнүнө тушташ келген Улуттук адабият күнү менен жалпы акын-жазуучуларды, адабият ишмерлерин куттуктайм! «Эң биринчи сөз болгон» дегендей, көркөм искусствонун башатында сөз өнөрү, жазуучулук, акындык турган деп билебиз. Биз жараткан обонду шөкөттөп турган акындардын тексти, биз тарткан тасманы көркөмдөп турган жазуучунун сценарийи, биз койгон спектаклдин кызыгын арттырып турган драматургдун эмгеги. Андыктан биздин окуу жай ар качан сиздер, адабиятчылар менен тыгыз кызматташып келебиз. Буйруса, келечекте да арабыздан Айтматовдой атагыбызды ааламга жайган алп жазуучулар чыгат, кыргыз эне дагы бир Айтматовду төрөп берет деген үмүттөмүн. Калемиңиздердин сыясы кургабай, калкыбызга руханий азык тартуулап жүрө бериңиздер!

МАЙРАМЫҢЫЗДАР МЕНЕН!      

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: