МУКАМ ҮНҮН АККОРДЕОН КОШТОГОН, «МУЗЫКА-ЫРДОО» КАФЕДРАСЫ СОЗДУ ОБОН.

2018-жылдын 10-майында Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде аталган окуу жайдын «Музыка жана ырдоо» кафедрасынын обончу-композитор Догдурбай УРМАНБЕТОВ жетектеген «Аккордеон» классы «Аккордеон+» аттуу отчеттук концертин беришти. Концерттин жүрүшүндө Догдурбай УРМАНБЕТОВдун «Ак калпак» (сөзү: Камчы МУСАЕВдики, аткаруучулар: Рахматали САПАРАЛИ уулу, Тилек ЧАКИЕВ, Мадияр РУСЛАН уулу), «Кыз узатуу» (сөзү: Бактыгүл ЧОТУРОВАныкы, аткаруучу: Ширин ТУРГУНБЕК кызы), Асанкалый КЕРИМБАЕВдин «Кайдасың» (сөзү: Какен АЛМАЗБЕКОВдуку, аткаруучулар: Чолпон ЖОЛДОШБЕКОВА, Жылдыз ЖОЛДОШБЕКОВА), Сардарбек ЖУМАЛИЕВдин «Таң сыры» (сөзү: Аскар ИСАЕВдики, аткаруучу: Апас ЧИЛДЕБАЙ уулу), «Бульварым» (сөзү: Токтогул ИМАШЕВдики, аткаруучу: Рахматали САПАРАЛИ уулу),Түгөлбай КАЗАКОВдун «Сүйүү жазы» (сөзү: Роза КАРАГУЛОВАныкы, аткаруучу: Айдана ТҮГӨЛБАЙ кызы), «Алтын балалык» (сөзү: Жапаркул АЛЫБАЕВдики, аткаруучу: Келечек ТАЛГАРТБЕК уулу), Калый МОЛДОБАСАНОВдун «Селкиге» (сөзү: Жекшен ЖУМАШЕВдики, аткаруучу: Арстанбек КАЙЫПБЕКОВ), Тилек ЧАКЕНОВ «Айылымдын адамдары» (сөзү: өзүнүкү, автордун аткаруусунда), Арген НУРДИН уулу «Бир туугандар» (сөзү: өзүнүкү, автордун аткаруусунда) ырлары аккордеондун коштоосунда жаңырды. Ошондой эле аталган класстын көркөм жетекчиси Догдурбай УРМАНБЕТОВ да «Торгой» аттуу румын элдик пьесасын (аккордеондо иштеп чыккан: Догдурбай УРМАНБЕТОВ), Арген НУРДИН уулу «Брамс» венгер элдик бийин (аккордеондо иштеп чыккан: Арген НУРДИН уулу) аткарып беришти.

P.S. Аткаруучулардын дээрлик көпчүлүгү 1-курстар. Андыктан бир эле жылда ушунча зор ийгиликке жетиштирген көркөм жетекчиси Догдурбай УРМАНБЕТОВго бали дебеске аргабыз жок.

   

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: