АЙТМАТОВ АКЫНДАРДЫН ЫРЫНДА

2018-жылдын 10-декабрында Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин концерттик залында ааламдын алп жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесинин урматына аталган окуу жайдын «Режиссура жана актердук чеберчилик» кафедрасынын 4-курстары тарабынан даярдалган (жетекчиси: Кундуз МАКЕЕВА), аталган кафедра менен китепканачылар жамааты биргелешип өткөргөн «Акындар даңктайт ыр менен» аттуу сахналаштырылган поэтикалык кече болуп өттү. Аталган кечеде студенттер белгилүү акындардын Чыңгыз Айтматовго арналган ырларын көркөм окуп, көрөрмандарга тартуулашты. Ошондой эле аталган окуу жайдын мугалими Кундуз МАКЕЕВА негиздеп, окуу жайда чыгарылып келаткан «Жаш талант – 3» адабий альманахынын бет ачары да орун алды. Альманахтын бул жолку чыгарылышы Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналып, анда студенттердин Айтматов тууралуу жазган чыгармалары топтолгон.

Кеченин соңунда КР билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулуп, КР жогорку окуу жайларындагы студенттердин арасында өткөрүлгөн «Айтматовдун чыгармаларын изилдөө» сынагына катышкан жана байгелүү орундарды алган айрым студенттерге аталган министрликтин өкүлү дипломдорду тапшырды.

      

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: