АТАКТУУ КИНООПЕРАТОР, ДАСЫККАН ПЕДАГОГ МУРАТ АЛИЕВ ДҮЙНӨДӨН ӨТТҮ

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (2011), Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреты (2017), Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин окутуучусу, атактуу кинооператор, дасыккан педагог Мурат Алиев 72 жашында дүйнөдөн өттү.

Алиев Мурат Абдувалиевич 1948-жылы Нарын шаарында жарык дүйнөгө келген. Алгачкы эмгек жолу 1966-жылы «Кыргызфильм» киностудиясында жардамчы оператор болуп иштөө менен башталган. Аталган киностудияда Марлес Туратбеков, Кадыржан Кадыралиев, Нуртай Борбиев сыяктуу атактуу кинооператорлордон сабак алган. 1979-жылы Москва шаарындагы Бүткүл союздук кинематография институтун аяктаган.

«Кыргызфильм» киностудиясында жардамчы оператор болуп иштеген 1973-1978-жылдары «Мен Тянь-Шань» («Мосфильм», режиссеру И. Поплавская, оператору К. Кыдыралиев), «Уркуя» («Кыргызфильм» режиссеру Т. Океев, оператору К. Кыдыралиев), «Мурас» («Кыргызфильм», режиссеру Т. Океев, оператору Н. Борбиев), «Көчө» («Кыргызфильм», режиссеру Г. Базаров, оператору М. Туратбеков), «Эл арасында» («Кыргызфильм», режиссеру Болот Шамшиев, оператору Манасбек Мусаев) кинотасмаларын тартууга көмөктөшкөн.

Мурат Алиев «Кыргызфильм», «Кыргызтелефильм» киностудияларында эмгектенген көп жылдык эмгек жолунда «Весенняя радуга» («Кыргызтелефильм» – 1979, режиссеру К.Акматалиев), «Биринчи» («Кыргызфильм» – 1984, режиссеру Г.Базаров), «Снайперы» («Казакфильм» – 1985-86, режиссеру Б.Шамшиев), «Фудзиямадагы кадыр түн» («Кыргызфильм» – 1988, режиссеру Б. Шамшиев), «Улуу Жибек жолу» («Кыргызфильм» – «Асахи Симбун» – 1990, режиссеру К. Акматалиев), «Булут» ((«Кыргызфильм» – 2003, режиссеру Э. Салиев), «Петрарканы окуу» («Кыргызфильм» – 2007, режиссеру Н. Абдыкадыров), «Чек ара» («Кыргызтелефильм» – 2011, режиссеру А. Айтикеев) «Курманжан Датка» («Кыргызфильм» – 2014, режиссеру Садык Шер-Нияз) көркөм тасмаларында оператор, башкы оператор милдеттерин аркалаган. Ошондой эле 30дан ашуун автордук даректүү тасмасын жараткан. 

Мурат Алиев Кыргызстандын эле эмес, Казакстан, Азербайжан мамлекеттеринин да кинематографиясынын өнүгүшүнө салым кошкон. Тактап айтканда, Казакстан Республикасынын Шакен Айманов атындагы «Казакфильм» киностудиясында тартылган «Туздуу көлдүн жээгиндеги үй» (2004, режиссеру А. Ашимов), «Ночной блюз» (2004, режиссеру А. Чатаев), «Кек» (2005, режиссеру Д. Манабай), «Бөрүнүн сааты» (2005, режиссеру А. Альпиев), «Курак төшөк» (2006, режиссеру Р. Абдрашев), «Мустафа Шокай» (2007, режиссеру С.Нарымбетов), «Келин» (2008, режиссеру Е. Турсунов) көркөм тасмаларында оператор, «Чал» (2012, режиссеру Е. Турсунов) көркөм тасмасында башкы оператор, Азербайжан Республикасынын киностудияларында тартылган «Кош бол, түштүк шаары» (2006, режиссеру О. Сафаралиев), «Арбактын көзү» (2010, режиссеру Р.Ибрагимбеков) көркөм тасмаларында оператор болгон.

2010-жылы режиссер Ермек Турсуновдун «Келин» тасмасы Нью-Йоркто өткөн эл аралык кинофестивалга (New York Eurasian Film Festival) катышып, ал жерден Мурат Алиев «Мыкты оператор» сыйлыгы менен, Asian World Film Festival (АКШ) үчүнчү фестивалында «Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн» ардактуу наамы менен сыйланган. 2013-жылы «Чал» көркөм тасмасы Азия – Тынч океан кино академиясы тарабынан уюштурулган фестивалга катышып, ал жерден «Мыкты оператордук эмгек» номинациясын жеңип алган жана Мурат Алиев Кыргызстанда биринчилерден болуп Азия – Тынч океан кино академиясынын мүчөлүгүнө кабыл алынган. 2014-жылы Башкыртстан мамлекетинин борбору Уфа шаарында өткөн I Улуттук «Ак боз ат» фестивалында Г. Амиров атындагы операторлук чеберчилик сыйлыгына ээ болгон.

Мурат Алиевдин эмгеги Кыргыз Республикасынын жетекчилиги тарабынан да жогору бааланып, 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы, 2011-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, 2017-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты ардактуу наамдары, 2018-жылы Даңк медалы менен сыйланган.   

Мурат Алиев чебер оператор гана эмес, мыкты педагог да болгон. Ал  1997-2002-жылдары  жана 2017-жылдан бери Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде  эмгектенип, болочок операторлорго сабак өтүп, аларды тарбиялоого зор салымын кошуп келди.

Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректораты, жалпы жамааты, кино жана телекөрсөтүү факультетинин деканаты агайыбыз, устатыбыз Алиев Мурат Абдувалиевичтин көзү өтүп кеткенине байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Агайдын жаткан жери жайлуу болуп, Жараткан мээримине алсын!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: