АВАЗЫ АНКАРАДА ЖАҢЫРГАН АЛИЯ АКЫЛБЕКОВА

Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин «Салттык музыка жана фольклор» кафедрасынын 5-курсунун студенти, аталган кафедранын улук окутуучусу Элзар Өскөнбаеванын шакирти, Түрк тилин окутуу борборунун (ТТЕӨМЕР) курстарынын активдүү катышуучусу Алия АКЫЛБЕКОВА  Түркия мамлекетиндеги Казак Республикасынын элчилиги тарабынан Анкара шаарындагы Кастамону университетинде уюштурулган «Казак Республикасынын  эгемендик күнү жана Айтматовду эскерүү кечесине» атайын чакыруу менен катышты. Кечеден тышкары студентибиздин өнөрүн эң жогору баалаган боордош түрк элинин өтүнүчү менен Анкара шаарындагы Кастамону маданият борборунда жана Тося шаарынын маданият борборунда жеке концертин берип, уюштуруучулардын «Ыраазычылык баракчасын» алды.

Алия Акылбекова Түркия мамлекетинде концертин тартуулап жүргөн учурда Коомдук телерадио берүү корпороциясынын «Кыргыз радиосу» каналы тарабынан уюштурулган «Эргиме» радиодолбоорунун I даражадагы «Эргүү» сыйлыгына жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук туңгуч гезити «Кыргыз туусу» чыгарган жыл жыйынтыктын негизинде «Жылдын мыкты ырчысы» номинациясына ээ болгонун кабарлашты.

Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректораты, профессордук-окутуучулук жамааты, «Музыка» факультетинин жана «Салттык музыка жана фольклор» кафедрасынын жалпы жамааты Алия Акылбекованы Түркия мамлекетине Кыргыз өлкөсүн жана окуу жайыбызды таанытканы үчүн жана өлкөбүздөгү алган сыйлыктары менен да куттуктап, дагы да бийик жетишкендиктерди, ийгиликтерди каалайт.

       

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: