«АЛТЫН-НУР» АНСАМБЛИ КОНЦЕРТ ТАРТУУЛАДЫ

Бүгүн, 6-февралда Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин концерттик залында аталган окуу жайдын оркестр дирижерлугу кафедрасынын студенттеринен куралган «Алтын-Нур» ансамбли «Төгүлгөн мээримге бөлөнгөн музыка» аттуу концертин тартуулашты.
Концерттин жүрүшүндө ансамблдин көркөм жетекчиси Нурпейил Самарбекованын жана оркестр дирижерлугу кафедрасынын окутуучусу Жанарбек Оморовдун дирижерлугу астында дүйнөлүк жана улуттук музыкалар ансамблдин аткаруусунда жаңырды. Айрыкча, дирижердун дүйнөлүк классикага айланган жана айланып бараткан чет элдик көркөм тасмалардын саундтректерин ансамблге салып, иштеп чыкканы элдин алкоосуна арзыды.
Кеченин соңунда чыгып, куттуктоо жолдогон окуу жайдын окуу иштери боюнча проректору Калыбек Түлөбердиев, оркестр дирижерлугу кафедрасынын башчысы Чолпон Турумбаева ансамблдин көркөм жетекчиси Нурпейил Самарбекованын дирижерлук чеберчилигин баса белгилешип, мындан аркы чыгармачылык иштерине ийгилик каалап өтүштү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: