МУГАЛИМГЕ ТААЗИМ

2019-жылдын 4-февралында Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин концерттик залында аталган окуу жайдын «Оркестр дирижерлугу» кафедрасынын 2-3-курстарынан куралган «Алтын Нур» ансамбли «Мугалимге таазим» аттуу концерт беришти. Кафедра мугалими Жанарбек ОМОРОВдун дирижерлугу астында тартууланган концерттин өзгөчөлүгү: мурда даяр чыгармаларды ойноп гана келишсе, бул жолу аталган ансамблдин студенттери өздөрү атайын аспаптык үндөргө бөлүп, өздөрү ансамблге иштеп чыккан чыгармаларды көбүрөөк тартуулагандарында болду. Айталы: 3-курстун студенттери Бактыгүл САЙПИДИНОВА, Батма АЛДАБЕКОВА иштеп чыккан «Жайлоодо» ыры (сөзү: Абдрасул Токтомушевдики, обону: Калый Молдобасановдуку, солист: Тилек Темиралиев), 2-курстун студенттери Махабат АСАНАЛИЕВА, Жаңылмырза БАКТЫБЕК кызы иштеп чыккан «Ак кайың» ыры (сөзү: Алыкул Осмоновдуку, обону: Жамила Муратованыкы, солист: Жаңылмырза Бактыбек кызы), Эламан КАРИМОВ, Самаган ЗАМИРБЕК уулу иштеп чыккан «Атам менен энеме» ыры (сөзү: Турар Кожомбердиевдики, обону: Жолдубай Кайыповдуку, солист: Айпери Сраждин кызы), Алтынбек САРЫГУЛОВ, Элла КЕРИМБЕКОВА иштеп чыккан «Кусалык» ыры (сөзү: Шайлообек Дүйшеевдики, обону: Майрамбек Осмоновдуку, солисттер: Алтынбек Сарыгулов, Самарбек Мырзагул уулу) жана башка көптөгөн чыгармалар аталган ансамблдин аткаруусунда жаңырып, келген конокторго шаң тартуулашты. 2-3-курсунда эле ушундай ансамблде ойноо менен гана чектелбей, ансамбль үчүн чыгармаларды да иштөө жөндөмүнө жетишип отурган студенттерге жана аталган «Алтын Нур» ансамблинин түптөөчү, негиздөөчүсү Нурпейил Самарбековага, ансамблдин учурдагы көркөм жетекчиси Жанарбек Оморовго чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!  

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: