БИЛИМДҮҮГӨ ДҮЙНӨ ЖАРЫК

2018-жылдын 18-майында Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин жыйындар залында аталган окуу жайдын «Оркестр жана хор дирижерлугу» факультетинин (деканы: Гүлмира Бексултановна ЖАКИЕВА) жыл жыйынтык – мыкты окуган жана коомдук иштерге активдүү катышкан студенттерин «Ардак баракча» менен сыйлоо жана ошондой эле алдыдагы «Энелер күнүн» утурлай ушул эле факультеттин үлгүлүү студенттеринин апаларына да «Ыраазычылык кат» тапшыруу аземи болуп өттү. Аталган «Ардак баракчаларды» тапшырып жатып, окуу жайдын чыгармачылык жана тарбия иштери боюнча проректору Элмира ТУРГАНБАЕВА жана факультеттин деканы Гүлмира ЖАКИЕВА студенттерге жана аларды тарбиялап өстүргөн эне-аталарга ыраазычылык билдирип, ийгилик каалап өтүштү.

 «АРДАК БАРАКЧА» МЕНЕН СЫЙЛАНГАН СТУДЕНТТЕР:

 «ОРКЕСТР ДИРИЖЕРЛУГУ» кафедрасынан:

Жаңылмырза БАКТЫБЕК кызы – 1-курс;

Эрмек АКСАКАЛОВ – 2-курс;

Алтынбек САРЫГУЛОВ – 2-курс;

Айпери СРАЖДИН кызы – 2-курс;

«ХОР ДИРИЖЕРЛУГУ» кафедрасынан:  

 Жоодарбешим АНАРБЕК уулу – 1-курс;

Лунарбек МИҢБАЕВ – 1-курс;

«САЛТТЫК МУЗЫКА ЖАНА ФОЛЬКЛОР» кафедрасынан:

Аязбек ЖОЛДОШБЕК уулу – 1-курс;

Бермет КАЛИЕВА – 2-курс;

«МУЗЫКА ЖАНА ЫРДОО» кафедрасынан:

 Расул БАКТЫБЕК уулу – 1-курс;

Нурлан ТОКОЕВ – 1-курс;

Айдана ТҮГӨЛБАЙ кызы – 1-курс;

Ширин ТУРГУНБЕК кызы – 2-курс;

«ЭСТРАДА» КАФЕДРАСЫНАН:

Лина ИБРАИМОВА – 1-курс;

Дамирбек АРСТАНБЕКОВ – 2-курс;

«ЫРААЗЫЧЫЛЫК КАТ» АЛГАН АПАЛАР:

Гүлбара ЭМИЛГАЗИЕВА – «Музыка жана ырдоо» кафедрасынын студенттери Чолпон жана Жылдыз Жолдошбековалардын апасы;

Бактыгүл ЖАПАРКУЛОВА – «Эстрада» кафедрасынын студенти Адыл Бакытбековдун апасы;

Элмира ЖУМАГУЛОВА – «Салттык музыка жана фольклор» кафедрасынын студенти Данияр Шаршеевдин апасы;

Жылдыз САЛАМАТОВА – «Салттык музыка жана фольклор» кафедрасынын студенти Иманбек Жээнбековдун апасы;

Дүйшөкан ЭМИЛОВА – «Салттык музыка жана фольклор» кафедрасынын студенти Кайрат Туратбек уулунун апасы;

Элмира СОПИЕВА – «Оркестр дирижерлугу» кафедрасынын студенти Эдиса Талгартбекованын апасы;

Ырыскүл ЖУМАЕВА – «Оркестр дирижерлугу» кафедрасынын студенти Махабат Асаналиеванын апасы;

Каныкей ЭГЕМБЕРДИЕВА – «Оркестр дирижерлугу» кафедрасынын студенти Айтолкун Бактыбек кызынын апасы;

Бактыгүл САГЫНБАЕВА – «Хор дирижерлугу» кафедрасынын студенти Нурсултан Канатбек уулунун апасы;

Эркингүл АЛСЕЙИТОВА – «Хор дирижерлугу» кафедрасынын студенти Жаныбек Токтакуновдун апасы;

Асел САРИЕВА – «Хор дирижерлугу» кафедрасынын студенти Саламат Нурбек уулунун апасы;

Тамара ЖАЛМАНБЕТОВА – «Хор дирижерлугу» кафедрасынын студенти Курманжан Мухамбет кызынын апасы;

P.S. Бул саамалык жыл сайын аталган факультеттин алкагында өтүп келет. 

Cүрөттөрдү тарткан: МУСТАФА уулу Айдарбек 

  

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: