ЗАЛКАР МУЗЫКАНТ, ЧЫГААН УСТАТ, КӨСӨМ ЖЕТЕКЧИ

2019-жылдын 25-февралында Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин жыйындар залында Кыргыз Эл артисти, профессор, залкар музыкант, чыгаан устат, көсөм жетекчи Асанбек АСАКЕЕВдин 80 жылдыгынын урматына арналган мааракелик иш-чара болуп өттү. Иш-чараны окуу жайдын ректору, профессор Мамашарип ЧОТОНОВ ачып, маараке ээсине окуу жайдын куттуктоо катын тапшырды. Андан соң, куттуктоо үчүн келишкен кесиптештери, шакирттери, тели-теңтуштары, инилери: Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз Эл жазуучусу, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, драматург, профессор Бексултан ЖАКИЕВ, Философия илимдеринин доктору, академик Аскар КАКЕЕВ, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат ИМАНАЛИЕВ, Кыргыз Эл артисти Асылбек БЕГАЛИЕВ, Кыргыз Эл артисти, кинорежиссер Мелис ШАРШЕНБАЕВ, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, профессор, М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору Тентимиш МУРАТАЛИЕВ, Кыргыз Эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, залкар комузчу, К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын профессору Самара ТОКТАКУНОВА, Кыргыз эл артисти, обончу-композитор, М. Абдраев атындагы Республикалык атайын музыкалык орто мектеп-интернатынын директору Исирадин АМАНБАЕВ, Кыргыз Эл артисти Тимур САЛАМАТОВ, Бишкек шаарындагы № 1 Балдар музыкалык мектебинин директору Чокан АЛАМАНОВ, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Каридин АКМАТАЛИЕВ жана башкалар Асанбек Асакеевдин өмүр жолундагы өрнөктүү учурлар тууралуу айтышып, куттуктоо менен бирге ала келген белектерин тапшырышты. Ошондой эле келген конокторго окуу жайдын «Оркестр дирижерлугу» кафедрасынын башчысы, Билим берүүнүн жана маданияттын отличниги, доцент Чолпон ТУРУМБАЕВА түзгөн «А. А. АСАКЕЕВ – АРДАКТУУ ЖЕТЕКЧИ ЖАНА МУЗЫКАНТ» аттуу маараке ээсинин өмүр-таржымалы, чыгармачылыгы, ишмердүүлүгү тууралуу жазылган макалалар жана атайын 80 жылдыгына арналган куттуктоолор топтому белекке берилди.

Расмий куттуктоо бөлүктөн соң, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, төкмө акын Азамат БОЛГОНБАЕВ куттуктап ырдап, экинчи концерттик бөлүктү баштап берди. Мааракеге арналган чакан концертте окуу жайдын «Хор дирижерлугу» кафедрасынын студенттеринин жана «Оркестр дирижерлугу» кафедрасынын студенттеринен түзүлгөн «Алтын-Нур» ансамблинин (көркөм жетекчиси: Жанарбек ОМУРОВ) аткаруусундагы ырлар, күүлөр жаңырды.

P.S.: Асанбек АСАКЕЕВ – 1939-жылы Тянь-Шань (Нарын) районунун Чет-Нура айылында туулган. Алгач туулган районундагы «Казан-Куйган» жетим балдардын мектеп-интернатында, бир жылдан соң Фрунзе шаарындагы Н. Крупская атындагы мектеп-интернатында билим алган. Башталгыч музыкалык билимди ушул интернаттан алган болочок музыкант 7-классты аяктагандан кийин М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын «Эл аспаптар» бөлүмүңдөгү «Комуз» классында билимин уланткан. Таланттуу студент 2-курсунда эле Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин башкы дирижеру Борис Фефермандын чакыруусу менен оркестрде артист болуп иштеп баштаган. 1958-жылы Москвада өткөн Кыргыз искусство жана адабият ишмерлеринин II декадасына оркестр менен бирге катышып, Кыргыз ССР Жогорку Советинин «Ардак грамотасы» менен сыйланган. Музыкалык окуу жайды аяктагандан кийин ошол эле Б. Фефермандын сунушу менен Алма-Ата шаарындагы Курмангазы атындагы Казак ССР мамлекеттик көркөм өнөр институтунда «Комуз» адистиги боюнча окуусун улантып, ийгиликтүү аяктап келген.

Алгачкы эмгек жолун 1957-62-жылдары М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз ССР мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайында мугалим болуп иштөө менен баштаган. 1962-69-жылдары В. Маяковский атындагы Кыз-келиндер педагогикалык институтунда, 1969-1972-жылдары Кыргыз ССР мамлекеттик искусство институтунда иштеген.

1972-жылы М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз ССР мамлекеттик музыкалык-хореографиялык  окуу жайынын директору болуп дайындалып, үзүрлүү эмгегинин натыйжасында 60тан ашык мыкты адистерди даярдап, Кыргыз Республикасынын эл артисттерин, эмгек сиңирген артисттерин, элдик аспаптык жаш аткаруучулардын республикалык конкурстарынын лауреаттарын, Республикалык Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаттарын, ошондой эле искусство институтунун, музыкалык орто окуу жайларынын алдыңкы мугалимдерин  даярдап чыккан жана өз ишин мыкты билген жетекчи катары көптөгөн ийгиликтерге жетишкен. 1987-1990-жылдары райондук Советтин эки жолку чакырылышына депутат болуп шайланган.

1983-90-жылдары Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда (учурдагы маданият жана искусство университети) проректор, 1990-2006-жылдары ректору кызматтарын аркалаган.

Кыргыз ССРинин бир нече жолку кароо-сынактарынын лауреаты, көптөгөн «Ардак грамоталардын» ээси, Кыргыз Эл артисти, «Мыкты иши жана мыкты жетишкендиктери үчүн» , «Эмгектин Ардагери», «Ата журт», «Даңк» медалдарынын сыйлануучусу, Нарын областынын Ардактуу атуулу, КР Коомдук академиясынын академиги, профессор. Көптөгөн илимий усулдук эмгектердин, баяндамалардын макалалардын автору, замандын коррифейи, залкар комузчу Самара Токтакунова баштаган көптөгөн эл артисттеринин, эмгек сиңирген артисттердин жана башка калың журтка таанымал өнөрпоздордун, музыкант-педагогдордун улуу устаты.          

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: