АСКЕР ЛИЦЕЙИНДЕ АЙТМАТОВГО АРНАЛГАН КЕЧЕ

 

2018-жылдын 29-ноябрында Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Д. Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин концерттик залында Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин «Социалдык маданий ишмердүүлүк» факультети (деканы: Нурзат КЕЛДИБЕКОВА) тарабынан Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын урматына аталган окуу жайдын «Режиссура жана актердук чеберчилик», «Оркестр дирижерлугу», «Салттык музыка жана фольклор», «Хор дирижерлугу», «Хореография» кафедраларынын студенттери даярдаган «Айтматов ааламы» аттуу концерт кече болуп өттү. Аталган кечеге Б. Бейшеналиева атындагы КММИУнун илимий иштер, тышкы байланыштар жана мамлекеттик тил боюнча проректору Зарылкан ЖОЛДОШБЕКОВА, аталган аскер лицейдин жетекчисинин орун басары, полковник Искендер ДЫЙКАНОВ жана лицейдин мугалимдери, курсанттары катышты. Кеченин соңунда лицейдин жетекчисинин орун басары, полковник Искендер ДЫЙКАНОВ университеттин жамаатына ыраазычылык билдирип, Б. Бейшеналиева атындагы КММИУнун ректору, профессор Мамашарип ЧОТОНОВдун атына жазылган «Ыраазычылык баракчасын» проректорго тапшырды.

       

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: