ДҮЙНӨНҮ БАГЫНТКАН ТАЛАНТ

2018-жылдын 6-декабрында Бишкек шаарындагы № 20 мектеп-гимназия окуу тарбия комплексинде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата аталган мектеп-гимназиясы менен Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин «Социалдык маданий ишмердүүлүк» факультети биргелешип уюштурган «ДҮЙНӨНҮ БАГЫНТКАН ТАЛАНТ» («Талант, пленивший мир») аттуу иш-чара болуп өттү. Аталган иш-чарага келген коноктор: Чыңгыз Айтматовдун уулу Аскар АЙТМАТОВ, КР Билим берүү жана илим министри Гүлмира КУДАЙБЕРДИЕВА,             Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору Мамашарип ЧОТОНОВ, Бишкек шаарындагы Октябрь райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Ренат АЙТИМБЕТОВ, Бишкек шаардык Кеңешинин депутаты Эмил СЫДЫКОВ, Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле МЭЭРМАНОВАларды гимназиянын окуучуларынан түзүлгөн «Жаш комузчулар» ийрими Атай Огомбаевдин «Маш ботой» күүсүн ойноп тосуп алышты. Андан соң, аталган гимназиянын директору Чолпон КУДАЙБЕРГЕНОВАнын коштоосунда «Чыңгыз Айтматов классы» жана чыгармачыл окуучулар даярдаган буюм-тайым, сүрөт көргөзмөсү менен таанышышты.

Иш-чаранын кийинки бөлүгү концерттик залда уланды. Окуучулар хорунун аткаруусунда Кыргыз Республикасынын гимни жаңырып, келген коноктор кезеги менен куттуктоо сөздөрүн сүйлөшүп, ала келген белектерин тапшырышты. Кече аталган мектеп-гимназиянын окуучулары, мугалимдери жана Б. Бейшеналиева атындагы КММИУнун студенттери даярдаган чакан концерт менен жыйынтыкталды.

                               

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: