АЙТМАТОВДУ ЭСКЕРҮҮ

2018-жылдын 9-ноябрында Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин жыйындар залында аталган окуу жайдын «Тил-адабият» кафедрасынын башчысы Нуржан ИМАНКУЛОВА, Кыргыз тили мугалими Бегайым ЧЕКЕЕВА, Орус тили мугалими Гүлзат АНАРБАЕВА, Англис тили мугалими Нарина ЧУДОБАЕВАлардын уюштуруусунда «АЙТМАТОВДУ ЭСКЕРҮҮ» аттуу чакан кече болуп өттү. Кечеде студенттер тарабынан даярдалган Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы тууралуу баяндамалар (үч тилде: кыргыз, орус, англис) жасалып, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде сахналаштырылган чакан сценкалар коюлуп, обондуу ырлар ырдалып, студенттер Чыңгыз Айтматовго арнаган ырларын окуп беришти.

   

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: