Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору, профессор Мамашарип Мамытович ЧОТОНОВдун Билим күнүнө карата КУТТУКТООСУ

Урматтуу окуу жайдын жалпы жамааты, студенттер!

1-сентябрь – Билим майрамыңыздар менен куттуктайм!

Бийиктиктин баскычы билим болсо, билимдин ачкычы – мугалимде. Ошондуктан «Мугалимдик кесип – бардык кесиптердин эне-атасы» деп айтылат. Себеби биз баланын, жаш муундун эртеңине кам көрүп, ага даңгыр жол ачып беребиз. Биздин кесип ошонусу менен баалуу, ошонусу менен ардактуу.

Жыл сайын биз бул күндү ашыга күтчүбүз. Студенттерин сагынган агай-эжейлер, окуткан мугалимин, сабакты, группалаштарын, курсташтарын сагынган студенттер окуу имаратын, аудиторияларды көрккө бөлөп, шат-күлкү, ысык учурашуу коштоп турчу. Окуу жайдын босогосун жаңыдан аттаган студенттерди салтанаттуу кече уюштуруп тосуп алчубуз.

Быйыл дүйнө жүзүн каптаган «COVID-19» – коронавирус тумоосу калыптанган билим берүү ыраатын таптакыр башка нукта өзгөрүүгө дуушар кылды. Студенттерди жылдагыдай окуу жайдын босогосунан эмес, интернет аркылуу онлайн тосуп алууга аргасызбыз. Бул жыл жалпы тармак үчүн, анын ичинде билим берүү тармагы үчүн да сыноо жыл болду. Жаралган ыңгайсыздыктарга карабай, кырдаалды туура кабыл алып, жаңы системаны тереңден өздөштүрүп, студенттердин билимден өксүп калбоосуна жасаган аракетиңиздер үчүн сиздерге чын дилден ыраазычылыгымды билдирем. Буюрса, бул сыноону да жеңип чыгып, калыптанган билим берүү системабызга кайра кайтарыбызга терең ишенем.

Каптаган коронавирус тумоосу капилет арабыздан алып кеткен агайлардын үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, бекем сабыр тилейм!

Баарыңыздарды бүгүнкү билим берүү майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктап, бекем ден соолук, кажыбас кайрат каалайм! Ар дайым келечекке талпынган акылгөй студенттердин катары арбып, эртеңки күнүбүз Күн нурундай жаркып турсун! Шагыбыздан мөмө үзүлбөсүн! Жигерибизден жанбайлы!

МАЙРАМЫҢЫЗДАР МЕНЕН

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: