ЖЕМИШТҮҮ ЖЕТИМИШ ЖАШ

2018-жылдын 1-ноябрында Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин жыйындар залында Кыргыз эл артисти, атактуу театр жана кино актрисасы, Б. Бейшеналиева атындагы КММИУнун доценти Турганбүбү БООБЕКОВАнын 70 жаш мааракесине карата куттуктоо кечеси болуп өттү. Кече аталган каармандын баскан жолун баяндаган чакан даректүү тасма менен башталып, андан соң аталган окуу жайдын ректору, профессор Мамашарип ЧОТОНОВ ачып, Турганбүбү Бообекованын жасаган иштери, театрдагы жана кинодогу, ошондой эле окуу жайдагы устаттык орду тууралуу баса белгилеп, залкар манасчы Саякбай Каралаев туулган Тоң районундагы Ак-Өлөң айылынан экинчи бир белгилүү адам туулганы тегин жерден эмес болгонун баса белгиледи. Кечеге келген коноктор да кезеги менен сөз алып, бүгүнкү кеченин каарманына жылуу пикирлерин, каалоо-тилектерин арнап өттү. Кеченин соңунда эже иштеген «Театр жана кино» факультетинин «Режиссура жана актердук чеберчилик» кафедрасынын студенттери тарабынан даярдалган театралдаштырылган куттуктоосу (көркөм жетекчиси: Кундуз МАКЕЕВА) жана Турганбүбү Бообекова жетектеген актердук класстын студенттери тарабынан даярдалган (көркөм жетекчиси: Турганбүбү БООБЕКОВА) КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын Зухра Жамангулованын ырларынын негизинде даярдалган «ЖАН РУХУ» аттуу театралдаштырылган поэзия кечеси болуп өттү.

    

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: