БҮГҮН САУД АРАВИЯДА КЫРГЫЗДАР КОНЦЕРТ БЕРЕТ

Бүгүн 2019-жылдын 19-мартында 9-мартынан бери Сауд Аравия жергесинде өтүп жаткан «Төө фестивалынын (Camel Fest)» алкагында Кыргызстандан барган өнөрпоздор Бишкек убактысы боюнча кечки саат 23.00дө «Көчмөндөр ааламы» аталышындагы чоң программадагы концертин тартуулашат. Бул тууралуу аталган фестивалдын катышуучусу Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин «Салттык музыка жана фольклор» кафедрасынын башчысы, Маданияттын мыкты кызматкери, белгилүү манасчы жана дастанчы Самат Көчөрбаев кабарлады.

Эске салсак, дүйнөнүн 90дон ашуун мамлекети катышкан аталган фестиваль үстүбүздөгү жылдын 9-мартында башталып, 23-мартында аяктайт. Фестивалга Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинен 11 мугалим: «Оркестр дирижерлугу» кафедрасынын башчысы Чолпон Турумбаева, кафедранын мугалими Рысбек Жунушев, «Эстрада» кафедрасынын мугалими Мурзали Жээнбаев, «Салттык музыка жана фольклор» кафедрасынын башчысы Самат Көчөрбаев, мугалимдери: Кылыч Бекишов, Элзар Өскөнбаева, Кундуз Таштаналиева, Мээрим Карыпова, Калыс Бектурганов, Эдил Үсөнбек уулу, Азамат Отунчиев катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашууда.  

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: