НАСЫР ДАВЛЕСОВ АТЫНДАГЫ СТИПЕНДИЯ СТУДЕНТТЕРГЕ ОНЛАЙН ТАПШЫРЫЛДЫ

Бүгүн, 15-июнда Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин жыйындар залында Кыргыз ССРинин эл артисти, залкар композитор Насыр Давлесов атындагы стипендия тапшыруу салтанаты болуп өттү. Салтанатка окуу жайдын ректору, профессор Мамашарип Чотонов, музыка факультетинин деканы Гүлмира Жакиева, хор дирижерлугу кафедрасынын доценти Любовь Бруг, оркестр дирижерлугу кафедрасынын башчысы Чолпон Турумбаева, салттык музыка жана фольклор кафедрасынын башчысы Самат Көчөрбаев жана композитордун уулу Айбек Давлесов катышты.

Белгилей кетсек, Насыр Давлесов атындагы стипендия музыка факультетинин деканы Гүлмира Жакиева тарабынан демилгеленип, композитордун үй-бүлөсүнүн жана небереси Иса Иманбаевдин демөөрчүлүгү астында аталган факультеттин мыкты окуган студенттерин шыктандыруу максатында уюштурулуп келет. Бул жолу калыстар тобунун чечими менен оркестр дирижерлугу кафедрасынын 3-курсунун студенти Алтымышова Нуржайна, хор дирижерлугу кафедрасынын 3-курсунун студенти Канатбек уулу Нурсултан, салттык музыка жана фольклор кафедрасынын 4-курсунун студенти Бекмурзаева Гүлбадам аталган стипендияга татыктуу деп табылышты. Жыл сайын чоң салтанат менен тапшырылып келген стипендия бул жолу кырдаалга байланыштуу онлайн негизде өтүп, стипендиант студенттер видео байланыш аркылуу катышты.

Жагдайдан улам стипендиянын сертификаттары кафедра башчыларына тапшырылып, ал эми акчасы студенттерге банк аркылуу жөнөтүлө турган болду.

Насыр Давлесов атындагы стипендия менен сыйланган студенттер

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: