Ректор, профессор Мамашарип Мамытович ЧОТОНОВдун Эгемендиктин 30 жылдыгына карата куттуктоосу

Урматтуу окуу жайдын жалпы жамааты, студенттер!

Кадырман мекендештер!

Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын – Эгемендиктин 30 жылдыгы менен жалпыңыздарды куттуктайм!

Бул күн – ата-бабалардын акылман эрдигинен, көсөм көрөгөчтүгүнөн бизге энчи болуп тийген күн!

Кийинкилерге эскертүү катары тарыхка кылчая кеткенибиз туура болор:

Октябрь революциясынан кийин кыргыз элин Түркстан АССРинен бөлүп, СССРдин курамындагы облус катары түптөө чакырыгы ташталган. Алгач автономиялуу облус, кийинчерээк автономиялуу республика, андан соң Кыргыз ССРи болуп түзүлүүсүнө өз салымдарын кошкон ошол кездеги көрөгөч саясий ишмерлер Иманалы Айдарбеков, Абдыкерим Сыдыков, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев, Баялы Исакеев, Жусуп Абдрахманов сыяктуу аталарыбыздын арбагына таазим этишибиз керек. Дегеним, биринчиден, чачыранды абалда ар кайсы өлкөнүн басымы астында калуу коркунучунда турган КЫРГЫЗ деген улут бүлүнбөй сакталып калса, экинчиден, дал ушунун пайдасы тийип, СССРдин курамындагы башка мамлекеттер сыяктуу эле өз көз карандысыздыгыбызды, эгемендигибизди оңой жарыялай алдык, энчи-куюбузду тең ата бөлүштүрүп кете алдык.

Албетте, 30 жылдык тарыхыбыз оңой-олтоң болгон жок. Кубантып-сүйүнткөн да, кайгыртып-капаланткан, кабырганы кайыштырган да жылдарыбыз болду. Оомал-төкмөл кыйын кезеңдерге карабай, эң башкысы, биз эгемендикти сактап кала алдык, эгемен эл экенибизди даңазалап, бир туунун алдында бириге алдык. Ушул энчини кийинки урпактарга да ушул бойдон өткөрүп берүү – адамдык да, атуулдук да ыйык милдетибиз болууга тийиш!

Буга чейинки куттуктоолорумда, кайрылууларымда баса белгилеп келгендей, Эгемен Кыргыз Республикасынын даңазасын арттырууда, башка өлкөлөргө таанытууда, асабасын бийик желбиретүүдө искусство адамдарынын (музыканттар, актёрлор, акын-жазуучулар, спортчулар, кол өнөрчүлөр жана башка) салымы зор.

Биздин окуу жай – Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети дал ошондой өлкөнү даңазалай турган, атын чыгара турган өнөрпоздорду тарбиялап, уядан учуруп келебиз. Андыктан 30 жылдык тарыхта биздин да ордубуз өзгөчө. Кыйынчылыктарга карабай өз милдетин татыктуу аркалап келе жаткан ардактуу эжей-агайлар, кесиптештер, сиздерди бүгүн башкалардан бөлүп көрсөтүп, эрдикке тете эмгегиңиздерди баса белгилеп айтып коюум керек. Эгемен өлкөбүздүн эртеңки келечектерине татыктуу тарбия берген куттуу уябыздын куту качпасын! Багыбыздан мөмө үзүлбөй, шагыбыз ар дайым ийилип турсун!

 Жараткан өлкөбүздү ар кандай апаат-кырсыктан, сыноолордон сактап, ар бирибизге бейпил жашоо берсин! Карылар наркынан, жаштар баркынан тайбасын! Өлкөнү өргө жетелеген чыгаан уул-кыздардын катары калыңдай берсин! Жалаң жакшы жагыбыз даңазаланган өлкө болуп, биримдигибиз, ынтымагыбыз арта берсин! Эгемендигибиздин эртеңи түбөлүк болсун!

МАЙРАМЫҢЫЗДАР МЕНЕН!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: