Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору, профессор Мамашарип Мамытович ЧОТОНОВдун МАЙРАМДЫК КУТТУКТООСУ

Урматтуу окуу жайдын жалпы жамааты, студенттер!

Кадырман мекендештер!

31-август – Эгемендик алганыбызга 29 жыл толгон майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Бул күн – биз үчүн өтө баалуу, сыймык менен майрамдай турган күн.

Байыртан бабалар эңсеп, эчен кармаш, эчен азаптар менен жетпей келген, эңсеп келген көз карандысыз, эркин мамлекет болуу бактысы – бүгүн бизге – балдарына, урпактарына буйруптур. Дүйнөдө өз алдынча, көз карандысыз мамлекет болуу энчиси буюрбай келген саны боюнча бизден да кыйла көп канчалаган улут, канчалаган эл бар. Андыктан Жараткан белек кылган ушул күндү баалай-барктай билели. Мамлекет деген атыбызды бекем сактап, бизден кийинкилерге да эгемен бойдон өткөрүп берүү озуйпабызды так аткаралы.

Ушул улуу күндөргө биз эмне бере алдык? Тарых күбө, турмуш күбө, мамлекеттин асабасын булгалап, ураан ырын (гимнин) жаңыртып, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ деген ыйык ысымды – өлкөнүн атын алыскы, жакынкы мамлекеттерге таанытып, даңазалап келген биз – искусство адамдары (музыканттар, актерлор, акын-жазуучулар, спортчулар, кол өнөрчүлөр жана башка) экенибизди эске алганда, биздин өлкөбүзгө кошкон салымыбыз өзгөчө. «Мамлекетти жок кылгың келсе, адегенде маданиятын талкала», – дейт Батыш акылмандары. Демек, «Мамлекеттин мамлекет болуп сакталып туруусуна биздин жардамыбыз өтө зор» деген тыянакка келсек да, эч жаңылышпаган болор элек.

Ар дубан, ар аймактан келгенибизге, ар улуттан куралганыбызга карабай, бир түндүктүн алдында биригип, мамлекеттин атын чыгара турган элибиздин эртеңки залкарларын татыктуу тарбиялоого жабыла жан үрөп келебиз. Дегеним, куш канатсыз уча албаган сыңары, өнөрпоз устатсыз өркүндөй албайт. Элдин даңкын чыгарган өнөрпоз улан-кыздын ошондой атакка жетишине биздин эмгегибиз эбегейсиз. Андыктан, ушул улуу милдетин кыйшаюусуз так аткарган, аты алтын тамгалар менен жазылып калган устаттардан бололу!

Жараткан өлкөбүздү ар кандай апаат-кырсыктан, сыноолордон сактап, ар бирибизге бейпил жашоо берсин! Карылар наркынан, жаштар баркынан тайбасын! Өлкөнү өргө жетелеген чыгаан уул-кыздардын катары калыңдай берсин! Жаман жагыбыз эмес, жалаң жакшы жагыбыз даңазаланган өлкө болуп, биримдигибиз, ынтымагыбыз арта берсин! Эгемендигибиздин эртеңи түбөлүк болсун!

МАЙРАМЫҢЫЗДАР МЕНЕН!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: