КАЗЫБЕКОВ ЖЭЭНБЕК II ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ

Кечээ, 18-декабрда Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында «Социалдык тармактардын тили жана укугу. Интернеттик байланыштын этикалык ченемдери» аттуу илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү.

Аталган иш-чарага Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин салттык музыка жана фольклор кафедрасынын 2-курсунун студенти Казыбеков Жээнбек «Социалдык тармактардагы баарлашуунун тилге тийгизген таасири» аттуу баяндамасы менен катышып, II орунга ээ болду.

Белгилей кетсек, конференцияга Бишкек шаарындагы бардык жогорку окуу жайларынан 60ка жакын студент катышкан. Иш-чара үч тилде: кыргыз, орус, англис тилдеринде өткөрүлгөн.  

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: