ЗАМАНДАН ЭРТЕ КӨЧКӨН ЗАЛКАР

Кыраанынын өлгөнүн,

Кыргыз көрбөс болсочу!

(Элмирбек Иманалиев)

Кыргыз Республикасынын эл артисти, ак таңдай төкмө, чебер жазма акын, обончу, дастанчы, актер, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин сыймыктуу бүтүрүүчүлөрүнүн бири, залкар талант Элмирбек ИМАНАЛИЕВ 2020-жылдын 20-апрелинде 42 жаш курагында катуу оорудан каза болду.

Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жарык дүйнөгө келген. Бала кезинен тирикарак болочок залкар төрт жашында эле тамга таанып, «Манас» эпосу сыяктуу бир катар көлөмдүү китептерди окуганга жараган. 5 жашынан комуз үйрөнүп, 11 жашынан комузга үн кошуп жамактап ырдай баштаган. 13 жашында айылдашы Койчубайдын сунушу менен Токтогул жергесине  гастролдоп барган ак таңдай төкмө, Кыргыз Республикасынын эл артисти Тууганбай Абдиевге учурашып ырдап, залкар акындын купулуна толуп, анын чакырыгынан улам борбор калаа Бишкекке келген. 14 жашында Тууганбай Абдиевдин сунушу, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын ошол кездеги башкы директору, «Руханият» Эл аралык ассоциациясынын президенти Акун Токтосартовдун жардамы менен филармониянын алдындагы 2 жылдык музыкалык студияга окууга кирген. 2000-жылы Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин Салттык музыка жана фольклор кафедрасына тапшырып, 2004-жылы (ал кезде окуу жай төрт жылдык болгон) акындык өнөр классын  аяктаган.

Алгачкы эмгек жолу «Сейтек» балдар борборунда сабак берүү менен башталган. Мындан тышкары Ш. Термечиков атындагы Чүй облустук театрында, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында, «Айтыш» коомдук фондунун аткаруучу директору кызматтарында иштеген.

Төкмө акын катары алгачкы сахнага 1993-жылдан тартып чыга баштаган. Бир нече жолу республикалык, эл аралык айтыштарда баш байгелерди алган. Кыргыз эли эле эмес, казак элине да кеңири таанымал акын болгон. Казак жергесинде өткөн бир нече эл аралык айтыштарга да катышып, көптөгөн байгелүү орундарды багындырып келген.

Элмирбек Иманалиев башкалардан үнүнүн мукамдыгы, тембринин бийиктиги, артисттик чеберчиликти кошо билгени, чукугандай курч, адамды ойго салган салмактуу саптарды да таба билип, бардык учурдан жеңил чыгып кете алган жеткилеңдиги менен кыйла өзгөчөлөнүп турган. Ошол эле учурда өнөктөшүн өмгөктөтүп салмак салбай, аны демеп-сүрөп, көмөктөшүп айтышкан. Кандай гана темада айтышпасын, өзүнүн билимдүүлүгүн, көп окуп, көп изденген инсан экенин кашкайтып көрсөтө алган.

Элмирбек Иманалиев элдик эпос-дастандарды, санат-насыят ырларды да ийине жеткире аткарган чебер дастанчы болгон. Анын аткаруусунда «Курманбек», «Олжобай менен Кишимжан» сыяктуу бир катар элдик эпос-дастандар, «Эшмамбеттин санаты», «Кыдыр акенин арманы» сыяктуу элдик ырлар, залкарларды эскерүүлөрү Кыргыз радиосунун алтын фондуна жазылып алынган.

Ошондой эле «Мунарым» (сөзү өзүнүкү), «Жалгыздыктан жадап бүттүм» (сөзү Шайлообек Дүйшеевдики), «Булбулум» (сөзү өзүнүкү), «Жамгырдагы кусалык» (сөзү Зайырбек Ажыматовдуку), «Аруузатым» (сөзү өзүнүкү), «Балкыма» (сөзү Мирлан Самыйкожонуку) сыяктуу көптөгөн мукам обондорду жаратып, ал таланттуу ырчылардын аткаруусунда калың элге тараган. Обон жаратып эле тим болбой, башка обончулардын ырларын да ийине жеткире аткарган. Ал кандай гана чыгарма болбосун, жан дүйнөсүн кошо жууруп, жан-дилин берип ырдап, укканды уютуп-муютуп кое алган касиетке ээ болгон.

Элмирбек Иманалиев драматург Сейит Алтымышевдин «Таң булбулу» пьесасынын негизинде коюлган «Токтогул» спектаклинде башкы каарман Токтогулдун ролун ойноп, актерлук чеберчилигин да көргөзгөн. Өмүрүнүн соңку жылдарында жазма акындык өнөргө да баш коюп, эл көңүлүнөн түнөк тапкан бир нече лирикалык ырларды жазган. Ошондой эле «Айтыш» фондунун алдына төкмөлүк өнөргө кызыккан жаш муундарды бириктирип, төкмө акындардын мектебин түзүп, анын негизинде Коомдук телерадио берүү корпорациясынын «Маданият. Тарых. Тил» каналына «Төкмө келсе, төр бошот» долбоорун уюштуруп, бир нече берүүлөрдү эфирге алып чыккан.     

Акындын эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланып, 2010-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, 2016-жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти наамын алган.

Сыймыктуу бүтүрүүчүбүз, залкар талант Элмирбек Иманалиевдин мезгилсиз дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректораты, жалпы жамааты акындын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз!

Жаткан жери жайлуу болуп, Жараткан мээримине бөлөсүн! 

One Response to ЗАМАНДАН ЭРТЕ КӨЧКӨН ЗАЛКАР

  1. Бакыт:

    Арты кайрылуу болсун! Кайрат кылалы! Ыйлаган менен кайтып келбейт…. Арман дүйнө. Бул тууралуу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: