ЭНЕ ТИЛДИН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

Бүгүн, 21-февралда Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде Эне тилдин эл аралык күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Иш-чарага окуу жайдын ректору, профессор Мамашарип Чотонов, мамлекеттик тил, чыгармачылык жана тарбия иштери боюнча проректору Элмира Турганбаева, ошондой эле тил жана адабият кафедрасынын окутуучулары, студенттер катышты.

Салтанат Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни менен башталды. Андан соң ректор Мамашарип Чотонов катышуучуларга «Эне тилдин эл аралык күнүнүн» тарыхы тууралуу баяндап, бүгүнкү салтанаттуу күн менен бардык мекендештерди куттуктады.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуу жайдын студенттери тарабынан даярдалган чакан концерт тартууланды. Соңунда сөз алган окуу жайдын мамлекеттик тил, чыгармачылык жана тарбия иштери боюнча проректору Элмира Турганбаева тил майрамына арналган иш-чаранын уюштуруучуларына терең ыраазычылык билдирип, эне тилин баалап-барктаган жаштардын көп болушуна тилектештигин билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: