ЭНЕ ТИЛ ЖАНА АЙТМАТОВ

2018-жылдын 19-сентябрында 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнүн 29 жылдыгына жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун концерттик залында Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети менен Республикалык «Кыргыз тили» коому биргелешип уюштурган «Тилибиз – биздин дилибиз», «Айтматов – кылым жазуучусу» аттуу концерттик иш-чара болуп өттү. Концерттик иш-чара аталган окуу жайдын Режиссура жана актердук чеберчилик кафедрасынын студенттери тарабынан даярдалган «Айтматов ааламы» аттуу чакан сценкасы менен ачылып (көркөм жетекчиси: Кундуз Макеева), андан соң, Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун төрагасынын орун басары Рысбеков Алтынбек Дурусбекович, Республикалык «Кыргыз тили» коомунун президенти Раимжан Курбановдор куттуктоо сөзүн сүйлөштү.

Иш-чаранын калган бөлүгү окуу жайдын студенттери жана иш-чарага келген конок-ырчылар Жанета Усупжанова жана Толкун Ордобаева тартуулаган чакан концерттик программа менен уланды.

             

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: