КАНЧА ТИЛ БИЛСЕҢ, ОШОНЧО ДИЛ БИЛЕСИҢ

2018-жылдын 25-апрелинде Б. Бейшеналиева атындагы КММИУда «Тил-Адабият» кафедрасынын англис тили мугалими Нарина Чудобаева уюштурган «Тил үйрөнүү – акылмандыкка ачылган жол (Knowledge of languages is the doorway to wisdom)» аттуу кароо-сынак болуп өттү. Кароо-сынактын жүрүшүндө студенттер «Көркөм окуу», «Манас» эпосун англис тилинде айтуу, «Жаңылмач айтуу», «Спектакль ойноо», «Англис тилинде ырдоо», «Бий» номинациялары боюнча ат салышты. Калыстардын чечиминин негизинде төмөндөгү студенттер «Ардак баракча» менен сыйланышты:

1. Анна Бабина («Хореография» кафедрасы, 2-курс) – У. Шекспирдин сонеттерин мыкты окуганы үчүн;

2. Манасчылар тайпасы (Мырзайым Турдубекова, Жылдызбек Орозобеков, Абдымалик Абдимуса уулу, Кенже Токтоназар кызы, Жаркынбай Садыкбек уулу, Үмүткан Ысакова, Азиз Аалиев, Данил Максат уулу, Жансаяй Даулеткерей. «Драма актеру» кафедрасы, 2-курс) – «Манас» эпосун англисче мыкты аткаргандары үчүн;

3. Кундуз Токтобекова («Телережиссер» кафедрасы, 1-курс) – «Көркөм окуу» чеберчилиги үчүн; 

4. Айдана Кайыпова («Драма актеру» кафедрасы, 2-курс) – Чыңгыз Айтматовдун «Саманчынын жолу» повестиндеги Толгонайдын монологун мыкты аткарганы үчүн;

5. Нусуп Замирбек уулу Эстрада» кафедрасы, 2-курс)Мыкты ырдаганы үчүн;

     

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: