Расширение связей

Подписание МЕМОРАНДУМА о сотрудничестве далее>>

Во время съемки

Кафедра Звукорежиссуры и режиссуры телевидения и радио далее>>

Отчетный концерт

Кафедра Оркестрового дирижирования далее>>

В здоровом теле здоровый дух

Кафедра Физической культуры далее>>

Талантливый человек талантлив во всем

Кафедра Хорового дирижирования далее>>

 

Кафедра Фольклора и традиционной музыки

IMG_1660Салттык музыка жана фольклор кафедрасынын башчысы

Самат Көчөрбаев

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик маданият жана искусство университетинин Салттык музыка жана фольклор кафедрасы студенттердин жогорку билим алуусун камсыз кылуу максатында профессионал өнөрпоздорду, алдыңкы адистерди сапаттуу кадрларды даярдоо ишин алып барат. Кафедра 1993- жылы  жаңыдан эгемен алган элдин таланттуу жаш муундарын элдик өнөргө тарбиялоо, салттык музыкабыздын өркүндөп өсүшүн камсыздоо максатында, коомдун муктаждыгын эске алуу менен искусство илимдеринин кандидаты Субаналиев Сагынаалы агайдын демилгеси жана көп эмгегинин натыйжасында түптөлгөн. Окуу программасы кесипкөй адистиктеги педагогдордун жетекчилиги алдында тажрыйбалуу устаттардын өзгөчө методикалык ыкмаларын негиз кылып түзүлгөн. Программа толук курс окутуу менен маданий музыкалык-эстетикалык билим берүүнү камсыз кылат.

Аталган кафедраны аяктаган студенттерге “Социалдык маданий ишмердиги” адистигинин алкагында “Фолклордук этнографиялык ансамблдин менеджери” квалификациясы боюнча жогорку билимдин ээси экендигин аныктаган диплом ыйгарылат. Жогорудагы адистиктин негизинде төмөнкү багыттар боюнча кафедрада үч класс иш жүргүзөт.

  • Дастанчылык класс ( Эпос айтуучулук, төкмө акындык, санатчылык.)
  • Аспапчылык класс (Комузчулук, кыл кыяк, темир ооз комуз, чоор, чопо чоор)
  • Ырчылык класс (Обондуу ырлыр, көлөмдүү ашыктык жана арман ырлар)

Мындан тышкары фортепияно, дирижирлөө, үн кою, кошумча аспап өздөштүрүү ж.б. кошумча атайын сабактар окутулат.

Ошол күндөн тартып көптөгөн залкар инсандар аталган кафедрада мугалимдик, педагогикалык жамааттын катарын толуктап   төмөнкүлөр үзүрлүү эмгектенишкен. Мисалга:

  • Сагынаалы Субаналиев- кафедра башчысы Искусство илиминин кандидиты профессор
  • Насыр Давлесов –КРнын эл артисти композитор, профессор.
  • Эсенгул Жумабаев –КРнын эл артисти
  • Жөрөбек Султанмаматов- КРнын эл артисти
  • Замирбек Үсөнбаев – КРнын эл артисти
  • Улукмырза Полотов КРнын эл артисти
  • Майрам Дүйшекеева- КРнын эмгек сиңирген артисти
  • Роза Аманова — КРнын Эл артисти ж.б.

мугалимдердин аттарын сыймыктануу менен атасак болот. Бул инсандар ошол күндөн тартып бүгүнкү күнгө чейин маданиятта өзгөчө орду бар көптөгөн өнөрпоздорду даярдап чыгарды.

Учурда кафедрада жалпысынан төмөндөгү 12 мугалим эмгектенет.

  1. Көчөрбаев Самат –Кафедра башчысы Маданияттын мыкты кызматкери
  2. Жумалиев Сардарбек -КР нын Эл артисти, доцент
  3. Дүйшалиев Камчыбек — Искусство илиминин доктору, профессор
  4. Кулакматов Боромбай – КРнын Эмгек сиңирген артисти
  5. Болгонбаев Азамат — Маданияттын мыкты кызматкери, окутуучу
  6. Сагыналиев Мурадил –Президенттин  ардак громматасынын ээси,окутуучу
  7. Калмаматова Насипа – Маданияттын мыкты кызматкери, окутуучу
  8. Өскөнбаева Элзар –ырчы, окутуучу
  9. Отунчиев Азамат- кыл кыякчы, чоорчу, окутуучу
  10. Султанбеков Кутманаалы- чоорчу, темир ооз комузчу, окутуучу
  11. Түмөнбаева Нуржан- ырчы, окутуучу
  12. Мындан тышкары Азамат Отунчиев жетектеген фольклордук ансамблде 8 иллюстратор иштешет.

IMG_1582 IMG_1610 IMG_1624 IMG_1639 IMG_1675 IMG_8898 444 IMG_1580