Расширение связей

Подписание МЕМОРАНДУМА о сотрудничестве далее>>

Во время съемки

Кафедра Звукорежиссуры и режиссуры телевидения и радио далее>>

Отчетный концерт

Кафедра Оркестрового дирижирования далее>>

В здоровом теле здоровый дух

Кафедра Физической культуры далее>>

Талантливый человек талантлив во всем

Кафедра Хорового дирижирования далее>>

 

Кафедра Операторского мастерства

Бугучиев Тынчтык Нургушаевич

Оператор кино жана ТВ   кафедрасынын башчысы.

Кино жана теле операторлугу кафедрасынын түзүлгѳнунѳ аз гана убакыт болгону менен бир топ ийгиликтерди жарата алды.

Бул кафедраны түптөгөн КР эл артисти Молдосейит Мамбетакуновдун эмгеги зор.   Бүгүнкү күндө Кино жана теле операторлук кафедрасында 60 дан ашкан студент билим алып келет.

  • Кафедра башчысы Тынчыкбек Бугучиев.

Кафедрада алгач КР эл артисттери Н.Борбиев, Б.Абдылдаев, Ш.Алыкулов ѳндѳнгѳн белгилүү инсандар билим берип, бир топ адистерди даярдап чыкты: Алар Р.Садыков, К. Асанакунов, М. Имеров, К.Алыбаев,

Н. Мамбетисаев, Э.Сыдыков ж.б.

Бүгүнкү күндѳ Кыргызстандагы ырчылардын клибин тарткан клипмейкер Эрнис Сыдыков жана ошондой эле кыргыз кинолорун, «Гу Чун Пёго кантип куйѳѳгѳ чыгам», «Тайна наследства», «Салам Бишкек» жана башка кѳптѳгѳн тасмаларды биздин кафедранын бүтүрчулѳру тартып жатат.

«Мосфильм» киностудиясында иштеп жаткан Бакыт Абдыгазиев, Николай Скакун   да биздин кафедраны бүтүргөн.

Азыркы учурда дасыккан мугалимдер сабак берип, студенттерге кадрды композициясынан тарта, кѳркѳм, даректүү тасмаларды тартууга, телефильм, теле берүү, телесериалдарды тартуунун жолдорун үйрөтүп жатышат. Аларды атап кетсек Молдосейит Мамбетакунов, Тургун Маматюсупов, Айбек Жангазиев, Абдулалим Мамадалиев, Фархад Касманбетов, Бакыт Зарлыков жана башка.

Мамадалиев Абдулалимдин жетектѳѳсүндѳ тартылган «Жылмайуу» тасмасы Казахстандагы эл аралык «Бастау» фестивалына катышып келди.

Керим Касымалиевдин « Интервью» тасмасы «Үмүт» фестивалынан «Калыстардын атайын призин» утуп алды.

Касманбетов Фархад өзү долбоор даярдап, Ала-Арча капчыгайына экспедицияга даярдык кѳрүүдѳ. Экспедициянын максаты видео жана фото тартууда убакыттын мааниси, түнкү съемкалардын тартуунун сырлары, табияттын кандай кылып кѳзгѳ көрүнүктүү кылып тартыш керек. Студенттерге практика жаатында кѳргѳзүү. Кино жана теле операторлук кафедрасы видео менен гана чектелбестен фото сүрѳттөрдү тартууга да көнүл болуп келет. Окуу жайыбыздын иш чараларын тартып, фото кѳргѳзмѳ жасоо да биздин адатка айланды. Бул студенттердин билимди жетишерлик алып жаткандыгы десек болот.

Фото сүрѳт боюнча студенттерге фотоаппараттын түзүлүшүн, теория жана практика жактан үйрѳтүп «Искусство фотографии и фотожурналистики» аттуу китебин да жазган Т.Маматюсуповдун, Ф.Касманбетовдун эмгеги зор. Келечекте да кѳптѳгѳн тажрыйбаларды, практикаларды, ананлиздерди жүргүзүп кафедрабыз кѳптѳгѳн ийгиликтерге жетишебиз деп үмүт кылабыз.