ЖАЛПЫ ФОРТЕПИАНО КАФЕДРАСЫ СЫНАК ӨТКӨРДҮ

Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин жалпы фортепиано кафедрасы (кафедра башчысы: Гүлмира Жакиева) салтка айланган сынагын өткөрдү. Бул жолку сынакта музыка факультетинин студенттери кыргыздын жана чет элдик улуу композиторлордун вальс күүлөрүн фортепианодо ойноп беришти.

Сынакка жалпы 15 студент катышты. Алардын ойноо чеберчилиги Кубанычбек Абышев, Динара Алсаитова, Любовь Бруг, Чолпон Нусупова аттуу калыстар тобу тарабынан бааланып, төмөнкү студенттерге төмөнкүдөй орундагы сыйлыктарга ээ болушту:

I орун: Арстанбек Кайымбеков – музыка мугалими кафедрасынын 4-курсунун студенти;

II орун: Дастан Кубанычев – хор дирижерлугу кафедрасынын 5-курсунун студенти;

II орун: Жетиген Жанарбек уулу – музыка мугалими кафедрасынын 3-курсунун студенти;

III орун: Эдиса Талгартбекова – оркестр дирижерлугу кафедрасынын 3-курсунун студенти;

III орун: Бегайым Мирланбекова – хореография кафедрасынын 2-курсунун студенти;

Булардан тышкары, аталган кафедранын мугалимдери Галина Цой, Елена Северина, Гүлжан Алымкулова окуу жайдын Ардак грамотасы менен сыйланышты.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: