ЖАШ ЛИДЕРЛЕР ФОРУМУ

Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетиндеги «Социалдык маданий ишмердүүлүк» факультетинин окутуучулары Нурзат Келдибекова жана Мээрим Асангазиева Алтай мамлекеттик университетинде өткөн Азия өлкөлөрүндөгү жаш лидерлердин «Алтай-Азия – 2018» форумуна барып келишти. Аталган форумга Азиядагы 14 өлкөнүн 50дөн ашык өкүлү катышып, эл аралык билим берүүнү тажрыйбалоо, ар тармактуу кызматташтыкты өнүктүрүү, академиялык ыкчам байланыш сыяктуу бир катар темаларда талкууларды жүргүзүштү. Форумдун алкагында көптөгөн өлкөлөрдөн барган өкүлдөр Алтай мамлекеттик университетинин билим берүү жана илим тармагындагы артыкчылыктар менен таанышып кайтышты.

   

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: