Гитара кайрыктары

2019 жылдын 4-апрелинде Бүбүсара  Бейшеналиева  атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин  “Эстрада” кафедрасында 26 жылдан бери эмгектенип келе жаткан “Билим берүүнүн жана маданияттын мыкты кызматкери” Корпобаев Муратбек Кадырбековичтин 60 жылдык маарекесине арналган  “Гитара кайрыктары” аттуу чоң концерт болуп өттү. Концертти  аталган окуу жайдын ректору, профессор  Мамашарип Мамытович Чотонов ачып, маараке ээсине окуу жайдын куттуктоо катын тапшырды. Андан соң Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ѳкүлү Тыныбек Сыдыков минстрликтен берилген куттуктоо катын тапшырып, М.Корпобаевге чыгармачылык ийгиликтерди каалап кетти. Кийинки сѳз кезеги  К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториядан КР эмгек сиңирген ишмер, композитор Акимжан Жээнбай жана  кафедра башчысы А.К.Токтогулов  Корпобаевдин ѳмүр жолундагы чыгармачылык жолун айтышып, куттуктоо менен бирге  белектерди тапшырышты. Расмий  куттуктоо бѳлүктѳн кийин  Эстрада кафедрасынын студенттери тарабынан даярдалган  чоң программадагы концерти жогорку денгээлде ѳттү. Концертти профессордук-окутуучулук жаамат, коноктор  жана студенттер чын дилинен кабыл алышты.

P.S.: Муратбек Кадырбекович Корпобаев  — 1959-жылы Чүй районунун  1-чи Ленин (азыркы Султан) айылында туулган. Алчалу орто мектепти бүтүргѳндѳн  кийин  М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын «Эл аспаптар» бөлүмүңдөгү «Гитара» классында Н.Жекшенбаевден билим алат.  Музыкалык окуу жайды аяктагандан кийин, ошол эле жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтуна «Гитара» классына тапшырып ѳтүп, профессор Д.Назарматовдун классында билим алып, 1991 жылы аяктайт. Ошол эле жылы Бишкек шаарындагы №5 музыкалык мектепте гитара аспабынан сабак берип иштейт, 1993-жылдан баштап, жаңы түптѳлүп ачылган “Эстрада” кафедрасына “Электрогитара” классында педагогикалык ишин улантып келет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: