ИЛИМИЙ ИШ ИЙГИЛИК ТАРТУУЛАДЫ

2018-жылдын 11-декабрында Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы уюштурган «Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы укук жана адеп көйгөйлөрү» аталышындагы Жогорку окуу жайлар аралык студенттердин IX илимий-практикалык конференциясына Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетиндеги «Тил-адабият» кафедрасынын окутуучусу Лаззат ӨМҮРАЛИЕВАнын жетекчилиги алдында аталган университеттин «Салттык музыка жана фольклор» кафедрасынын 1-курсунун студенти Жээнбек КАЗЫБЕКОВ «Залкардын асыл ойлору» аттуу илимий эмгеги менен катышып, атайын диплом менен сыйланса, «Эстрада» кафедрасынын 1-курсунун студенти Ализа ТӨЛӨБЕКОВА «Чыңгыз Айтматов – ааламдын акылман сүрөткери» аттуу баяндамасы менен катышып, ондон ашуун окуу жайдан барган отузга жакын студенттин ичинен II орунду ээледи. Студенттерди жана илимий жетекчисин жетишкен ийгиликтери менен куттуктап, чыгармачыл бийиктик каалайбыз!

   

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: