БАЙЫШ БАГЫНТКАН ИЙГИЛИК

2018-жылдын 8-сентябрынан 13-сентябрына чейинки аралыкта Екатеринбург мамлекеттик театралдык институнда өткөн “Уралдын театралдык мектеби” аттуу режиссер-актер студенттердин V эл аралык семинарына Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетиндеги “Режиссура жана актердук чеберчилик” кафедрасынын 4-курсунун студенти Байыш НУРСАИД уулу да катышып, аталган семинардын алкагында Екатеринбург мамлекеттик театралдык институнун 4-курсунун студенттери менен биргеликте француз драматургу Жан-Батист Мольердин “Скапендин жоруктары” аттуу комедиясын көрүүчүлөргө тартуулады. Ошондой эле семинарды уюштурган институттун “Ыраазычылык баракчасы” жана башка көптөгөн баалуу белектер менен сыйланып кайтты.

Байыш НУРСАИД уулуна чыгармачылык ийгилик каалайбыз.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: