Ректор, профессор Мамашарип Мамытович Чотоновдун Жаңы жылга карата куттуктоосу

Урматтуу окуу жайыбыздын жалпы жамааты!

Ардактуу студенттер!

Саналуу сааттардан кийин жыл жаңырып, жаңы, 2021-жылга да кирип барабыз. Билинбей өткөн бир жылда биз эмнелерге жетиштик, эмненин өтөсүнө чыга алдык, эмнени аткара албай калдык?

2020-жыл дегенде эле биздин эсибизге дүйнө жүзүн дүрбөлөңгө салган коронавирус пандемиясы, катаал карантин, аралыктан окуу, ооруканаларга батпай калган бейтаптар, бул дүйнө менен кош айтышкан миңдеген адам эске түшө берери турган иш. Бул жыл карегибизге элес болуп катып, эсибизден эч кеткис ирмемге айланган өтө оор сыноолордун жылы болду.

Шаң маанай, таттуу тилектер менен башталып, этеги күрсүнүү менен бүтөрүн бирибиз да ойлонбосок керек кезинде. Дүйнө жүзүн каптаган коронавирус илдети баарыбызды аралыктан окутуу системасына өткөрүүгө аргасыз кылды. Албетте бул билим берүү системасына, айрыкча көпчүлүк сабактарды устат-шакирттик түз байланышта гана ишке ашырууга мүмкүн болгон биз сыяктуу чыгармачыл окуу жайларга өтө оор сокку болду. Анткен менен кырдаалды эске алып, абалды ынтымак менен, биримдик менен тез арада жолго салып кете алдык. Ал тургай, онлайн окутуу системасында башка чыгармачыл окуу жайларга үлгү, мисал болуп бергенибизди сыймык менен эскерүүгө болот. Бул – сиздердин өз ишине берилген, жоопкерчиликти сезген кесипкөйлүгүңүздөрдүн аркасы менен ишке ашканын танууга болбойт, урматтуу окуу жайдын педагогдору! Канчалык оор болгонуна карабай, жигер менен иштеп бергениңиздер үчүн баарыңыздарга ыраазычылык билдирем!

Өлкөгө киргизилген өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал көптөгөн пландарыбыздын, үмүт-максаттарыбыздын ишке ашуусуна өз кедергисин тийгизди. Окуу жайдын 2020-жыл үчүн белгилеп, бекитип койгон план-программаларынын көбү аткарылбай калды. «Күн жаманы кетет» дейт даанышман кыргыз эли. Анын сыңары, аткарылбай калган иштерге көп кейибей, кийинки жылыбыз жакшы жылдардан болуусун тилек кылалы. «Бул күндөр да өтөт» деген жаркын ураан менен жашайлы.  

Капилет каптап, тез арада жайылып кеткен COVID-19 илдети окуу жайда өзгөчө орду бар бакандай төрт профессорубузду акыретке алып кетти. Кабыргабызды кайыштырып, капшытыбызды бөксөрткөн бул күндөргө да сабыр кылдык. Агайлардын ыйманы саламат болуп, Жараткан бейишин берсин!

Албетте бул жыл жалаң кейиш менен өттү дегенден алыспыз. «Ый менен күлкү эриш-аркак жүрөт» демекчи, көңүл сүйүнтүп, кубаныч тартуулаган ийгиликтерибизди да айтпай коюуга болбойт.

Маселен, театр факультетинин студенттери Жандарбеков Кубан жана Барпиев Кудайберген Кемерово мамлекеттик маданият институту тарабынан уюштурулган А. В. Панин атындагы «Рыжий клоун» аттуу VI театралдык фестиваль-конкурсунда, ушул эле факультеттин студенти Чолпонбай кызы Нурсара Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата уюштурулган «Жеңиш ырын ырдайбыз» онлайн-фестивалында, ушул факультеттин дагы бир студенти Токтобаев Казыбек баш кеңсеси Астана шаарында жайгашкан «Дүйнө таланттары» уюму өткөргөн онлайн-фестивалда байгелүү орундарды алып, баарыбызды кубандырды. Ошондой эле оркестр дирижерлугу кафедрасынын студенттеринен куралган «Алтын нур» эл аспаптар ансамбли Алтай мамлекеттик маданият институту тарабынан уюштурулган «Күмүш кылдар» онлайн кароо-сынагынын «Ансамблдер» номинациясы боюнча II даражадагы диплому менен сыйланды. Муну менен катар Италияда өткөн онлайн-фестивалга да катышып, кийинки жылы өтө турган сыйлык тапшыруу аземи – гала-концертине чакыруу алышты.

Жеке эле студенттер эмес, айрым окутуучу-профессорлорубуз да бул жылы ийгиликке жетишти. Айталы, оркестр дирижерлугу кафедрасынын башчысы, доцент Турумбаева Чолпон Мукашевна Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер ардактуу наамын алса, театр факультетинин ага окутуучусу, Даркүл Күйүкова атындагы жана Касымалы Жантөшев атындагы мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты Макеева Кундуз Турдубековна «Насаатчы» эл аралык коомдук фондунун «Ардактуу Мугалим» төш белгиси жана «Ардак грамотасы» менен, «Тил-адабият» кафедрасынын башчысы Чекеева Бегайым Саматовна Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын Атайын диплому менен сыйланышты.

Бул жылы «Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын эриш-аркак кызматташуу жылынын» алкагында Москва мамлекеттик маданият институту менен биздин окуу жайдын эки тараптуу кызматташуусу боюнча сүйлөшүү жүрдү. Казань мамлекеттик маданият институту менен эки тараптуу кызматташтык боюнча макулдашууга кол койдук. Буга катар эл аралык аккредитациядан ийгиликтүү өттүк. Бул иштер да биз үчүн чоң жеңиш болду.

Демек кандай гана кырдаал болбосун, биздин ийгиликке жетүүбүзгө эч качан тоскоол боло албайт экен. Муну сиздер жогоруда белгилеп өткөн сыяктуу иштериңиздер менен далилдеп келе жатасыздар, мындан ары да далилдей берериңиздерге мен терең ишенем. Буюрса, 2021-жылы кырдаал турукташып, баштапкы жашоого кайтып келсек, маңдай жара кубанткан иштер эселеп көбөйөт деген үмүтүм зор. Андыктан ар дайым ынтымакта, биргеликте алдыга жыла берели! Ушул жылы табылгалар көп, жоготуулар аз болсун! Жаңы жыл токчулуктун, берекенин жылы болсун! Ишиңиздерге, окууңуздарга ийгиликтерди каалайм! Ден соолугуңуздар бекем болуп, узак өмүр сүрүңүздөр!

ЖАҢЫ ЖЫЛЫҢЫЗДАР МЕНЕН!    

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: