ЖЫЛ МЫКТЫЛАРЫН АНЫКТАДЫК

2018-жылдын 10-декабрында «Кыргыз киносу» кинотеатрында Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин «Кино жана телевидение» факультети тарабынан негизделип, салтка айланган «Жыл мыктыларын аныктоо», «Жанузак Молдобаев атындагы сыйлык» тапшыруу аземинин VII айлампасы болуп өттү. Аземди аталган окуу жайдын ректору Мамашарип ЧОТОНОВ ачып сөз сүйлөп, факультеттин деканы Тынчтык БУГУЧИЕВге КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаменти тарабынан берилген «Кыргыз киносунун отличниги» төш белгисин тапшырды. Андан соң, сыйлык тапшырууга орун берилип, төмөнкү студенттер төмөндөгүдөй номинациялардын негизинде «Жыл мыктысы» аталып, «Жанузак Молдобаев атындагы сыйлыкка» татыктуу болушту:

«Мыкты дебют» – Жыргалбек Бозгунчиев;  

«Айымдын мыкты ролу» – Гүлайым Нарматова;

«Мырзанын мыкты ролу» – Алмаз Тургунбаев;

«Мыкты телекөрсөтүү » – Салтанат Керимбай кызы;

«Мыкты режиссер» – Дуулат Омош уулу;

«Мыкты оператор» – Чыңгыз Эсенбаев; 

«Мыкты үн режиссер» – Руслан Эдилбек уулу;

Мындан тышкары бир катар студенттер «Эл сүймөнчүгү» номинациясынын негизинде «Ардак баракчалар» менен сыйланышты.

          

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: