БАЛА ЖЫЛМАЙСА, ААЛАМ ЖЫЛМАЯТ

2018-жылдын 25-апрелинде Б. Бейшеналиева атындагы КММИУнун «Социалдык маданий ишмердүүлүк» кафедрасынын улук окутуучусу Мээрим АСАНГАЗИЕВАнын уюштуруусунда аталган кафедранын 1-2-курсунун студенттери Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы Жетим балдар үйүнө кайрымдуулук иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө атайын балдар үчүн даярдалган оюн-зоок кече өтүп, студенттер тарабынан даярдалган чакан белектер тапшырылды. Кеченин соңунда аталган мекеменин администрациясы кафедрага жана жалпы эле университеттин жамаатына ыраазычылык билдирип, ийгилик каалады.

     

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: