КАРЫСЫ БАРДЫН – ЫРЫСЫ БАР

2018-жылдын 1-октябрында Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде «Карылар күнүнө» карата салтка айланган окуу жайдын ардагер окутуучуларын сыйлоо салтанаты болуп өттү. Салтанатты ачып жатып окуу жайдын ректору, профессор Мамашарип Чотонов окуу жайдын калыптануусунда ал кездеги жигердүү жаштар, азыркы ардагер агай-эжейлердин эмгеги өтө зор болгонун, күнү-түнү талыкпаган эмгектин акыбети кайтып, бүгүн дөөлөттүү карылыкка жеткендерин, ошентсе да жаштардан кем калышпаган кайраттуу иш-аракеттери ар дайым сый-урматка татыктуу экенин, акыл-насаатыңар ар дайым жаштарга өбөк-жөлөк болорун баса белгилөө менен, узун өмүр, бакубат, дөөлөттүү карылык каалап өттү.

Салтанат окуу жайдын студенттери тарабынан даярдалган концерт менен коштолду.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: